Бүгүн Дубайдан 178 кыргызстандык Бишкекке алып келинди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Түркия менен Россиядан дагы мекендештер атайын рейс менен алып келинген. Алардын кээ биринен коронавирус табылды.

БИШКЕК, 26-апр. – Sputnik. Бүгүн, 26-апрелде, Дубайдан 178 кыргызстандык Fly Dubai авиакомпаниясынын учагы менен Бишкекке келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) сырткы каттамдарын токтоткон. Бирок ал өлкөдө калып кеткен кыргызстандыктарды мекенине чартердик рейс менен жеткирүү үчүн КР ТИМи БАЭнин бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

"Дагы бир алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча БАЭден 3 жана 10-майда кыргызстандыктар алып келинет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Түркия менен Россиядан дагы мекендештер атайын рейс менен алып келинген. Коопсуздук максатында алар учактан тейленип, дароо обсервацияга жөнөтүлгөн. Натыйжада кээ биринен коронавирус табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0