Кытайлык дарыгерлердин Кыргызстандагы сапары карыды. Аткарган иштери

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРСаламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга келген кытайлык дарыгерлердин иш сапары аяктаганын билдирди
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга келген кытайлык дарыгерлердин иш сапары аяктаганын билдирди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын медиктеринен турган эксперттик топ коронавирус менен күрөшүүгө көмөктөшүү үчүн 20-апрелде келген.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга келген кытайлык дарыгерлердин иш сапары аяктаганын билдирди.

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРВ Центре развития здравоохранения и медицинских технологий при МЗ КР состоялась встреча представителей Правительства КР и Министерства здравоохранения КР с медицинской экспертной группой Китая
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга келген кытайлык дарыгерлердин иш сапары аяктаганын билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга келген кытайлык дарыгерлердин иш сапары аяктаганын билдирди
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРВ Центре развития здравоохранения и медицинских технологий при МЗ КР состоялась встреча представителей Правительства КР и Министерства здравоохранения КР с медицинской экспертной группой Китая
Алар менен бүгүн вице-премьер Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, президенттик аппараттын жетекчисининин орун басары Алмаз Кененбаев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугуп коштошкону айтылат - Sputnik Кыргызстан
2/3
Алар менен бүгүн вице-премьер Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, президенттик аппараттын жетекчисининин орун басары Алмаз Кененбаев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугуп коштошкону айтылат
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРВ Центре развития здравоохранения и медицинских технологий при МЗ КР состоялась встреча представителей Правительства КР и Министерства здравоохранения КР с медицинской экспертной группой Китая
Абдикаримов кытайлык кесиптештерине илдет менен күрөшүүдө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирип узаткан. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Абдикаримов кытайлык кесиптештерине илдет менен күрөшүүдө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирип узаткан.
1/3
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга келген кытайлык дарыгерлердин иш сапары аяктаганын билдирди
2/3
Алар менен бүгүн вице-премьер Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, президенттик аппараттын жетекчисининин орун басары Алмаз Кененбаев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугуп коштошкону айтылат
3/3
Абдикаримов кытайлык кесиптештерине илдет менен күрөшүүдө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирип узаткан.

Алар менен бүгүн вице-премьер Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, президенттик аппараттын жетекчисининин орун басары Алмаз Кененбаев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугуп коштошкону айтылат.

Абдикаримов кытайлык кесиптештерине илдет менен күрөшүүдө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирип узаткан.

Колун жууп жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мага жукпайт деп ойлочумун. COVID-19 илдетинен айыккан дарыгердин маеги
Эксперттик топ сапарынын алкагында Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана ооруларды алдын алуу департаментинин иши менен таанышкан. Ал жакта лабораториялык диагноз, жуктургандарды аныктоо алгоритми, жакын байланышкан адамдарды обочолонтуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, Кытайдагы эпидемиологиялык иликтөөлөрдө колдонулган ыкмаларды айтып беришкен.

Ошондой эле алар Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча республикалык борборго барып, ал жердин адистери менен коронавирусту алдын алуу, эпидемияга каршы туруу жана дезинфекциялоо иштерин талкуулашкан. COVID-19 менен күрөшүүдө Кытайдын тажрыйбасын ортого салып, аны менен катар кыргыз дарыгерлерин кызыктырган суроолоруна жооп беришкен.

Бейтаптарды кантип дарылоо, коргонуучу каражаттарды туура колдонуу, вирус жуктургандарды ташуу боюнча Кыргыз медициналык мамлекеттик институтунда онлайн-семинарларды өтүшкөн. Ага өлкөнүн 700дөн ашык медицина кызматкери катышкан.

Белгилей кетсек, Кытайдын медиктеринен турган топ өлкөдөгү коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөктөшүү үчүн 20-апрелде келген.

Коронавирустун кесепети

Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карантинден кийин кыргызстандыктар кандай өзгөрөт. Психологдордун пикири
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 682ге жетип, анын жарымынан көбү, 370и айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0