Ситуация в Кыргызстане из-за коронавируса  - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандагы коронавирус боюнча тексттик баяндама. Оору каптаган 41-күн

Жазылуу
Кыргызстандын COVID-19 менен алпурушуп жатканына бүгүн туура 41 күн болот. Оору алгач табылган күндөн бери сегиз киши көз жумду.

Акча санап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элден чогулган акча: медиктерге дагы канча кошумча маяна керектиги эсептелет
Соңку маалыматтар боюнча, вирусту жуктуруп алгандардын саны 700гө чукулдап калды. Алардын ичинде айыккандар да арбын. Анткен менен илдет ар күнү кеминде 15тен табылууда.

Эпидемиологиялык абалдан улам Кыргызстандын төрт шаары менен төрт облусунда өзгөчө абал, ал эми башка жайларында өзгөчө кырдаал жарыяланган. Бул режимдин 30-апрелде алып салынары айтылган. Бирок вирус боюнча учурдагы абал ага жол берчүдөй эмес.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:48 27.04.2020
19:11 27.04.2020

Бишкек шаарынын коменданты колдоо көрсөтүү максатында издеп жаткан туруктуу үй-жайы жок Кайрат аттуу жаран табылганын Facebook баракчасына жазды.

 


 

19:05 27.04.2020

Мекендештер Афганистандын авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик каттамы менен Казакстандын жарандарына кошулуп Алматыга келишкени айтылат.

Андан бери КРдин медицина кызматкерлеринин коштоосунда атайын транспорт менен Бишкекке жеткирилген. Учурда баары өлкөдөгү медициналык жайлардын бирине обсервацияга жаткырылды.

 

17:45 27.04.2020

Маалыматтарды Республикалык штаб топтоду.

15:49 27.04.2020

Соңку тастыкталган маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирус жуктургандарды дарылоого жана обсервациядагы чыгымдарга 8 миллион сомдон ашык каражат жумшалды.

 

КБ РЖД-Медицина им. Н. А. Семашко готова к приему пациентов с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктургандарды дарылоого канча акча корогону белгилүү болду
15:45 27.04.2020

Кыргызстандын аймагына кирген жүк ташуучуларды коронавируска текшерүү күчөтүлөт. Ошондой эле алардын андан аркы аймактар аралык кыймылына дагы өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

 

Заседание Республиканского оперативного штаба - Sputnik Кыргызстан
Боронов: алыска жүк ташыган айдоочуларды текшерүү күчөтүлөт
15:43 27.04.2020

Бир жолу колдонулуучу костюмдар – 46 523 даана;
Көп жолу колдонулуучу костюмдар – 20 797 даана;
Респираторлор – 58 475 даана;
Бир жолу колдонулуучу беткаптар – 1 110 613 даана.

15:40 27.04.2020

Коронавирус пандемиясынын шарттарында ар кандай фонддордон, юридикалык жана жеке жактардан саламаттык сактоо уюмдарынан гуманитардык жардам келип түшкөн.

2020-жылдын 23-апрелине карата саламаттык сактоо уюмдары гуманитардык жардам катары төмөнкүлөрдү алышты:
 6300 коргоочу костюм,
 113 933 бир жолу колдонулуучу беткап,
 4030 респиратор,
 17 тез жардам унаасы,
 34 кычкылтек концентратору,
 1172 жуп коргоочу көз айнек,
 7 керебетке бекитилүүчү монитор,
 5 жасалма дем алдыруу аппараты.

Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти. 

15:24 27.04.2020

"Бүгүнкү күндө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат базасында 1234 бейтап гемодиализ кызматын алып жатат. Кызмат көрсөтүү үчүн жыл башынан бери 235 млн. сом төлөнүп берилген. 2020-жылы гемодиализ кызматтарын төлөөгө 682,7 млн. сом каралган",- деп билдирди  ММК фондунун төрайымы Элнура Боронбаева маалымат жыйын учурунда.

Анын айтымында, гемодиализ кызматтары 20 жеке жана 4 мамлекеттик ооруканаларда көрсөтүлөт.

15:21 27.04.2020
14:28 27.04.2020

Карантин режими эки-үч айга чейин уланат, муну ар бир жаран мээсине куюп, даяр болушу керек. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук медициналык штабдын орун басары, дарыгер Урматбек Боржиев маалымат жыйында билдирди.

Ал түз эфирден жарандарга кайрылып, коронавирустан сактануу эрежелерин эскертти.

“Урматтуу кыргызстандыктар, бул илдет жеңил көрүнгөнү менен аябай кооптуу. Саламаттык сактоо кызматын эмес, бүт жашообузду, экономикабызды өзгөрткөн илдет болуп жатат. Карантин эки-үч айсыз бүтпөй турганын ар бир адам мээсине куюп алышы керек. Абал эки-үч айда толук турукташканга чейин үйдө отуруш керек”, — деди Боржиев.


 

14:24 27.04.2020

Борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев соцтармактагыларды география жаатындагы билими менен таң калтырган туруктуу үй-жайы жок кишиге жардам бергиси келет. Бул тууралуу коменданттын Facebook баракчасына жарыяланды.

 

13:32 27.04.2020

Дистанттык окутуунун кийинки жумаларында мугалимдер инновациялык тажрыйбаларды үйрөнүп, чыгармачылык менен изденип, билим берүү процессин жакшы жолго коюп алышты. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

 

Ректор ОшГУ Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Министр: дистанттык окутууну жаңы окуу жылында дагы колдонобуз
13:29 27.04.2020

Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 2 млн. 971 миӊ 639 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 206 миӊ 542 адам каза болду.

 

 АКШ – 965 910  (каза тапкандар – 54 876)

 Испания – 226 675 (каза тапкандар – 23 190)

 Италия – 197 675  (каза тапкандар – 26 644)

 Франция – 162 220  (каза тапкандар – 22 890)

 Германия – 157 770  (каза тапкандар – 5 976)

 Улуу Британия – 154 037  (каза тапкандар – 20 795)

  Түркия – 110 130  (каза тапкандар – 2 805)

 Иран – 90 481  (каза тапкандар – 5 710)

 Кытай – 83 912  (каза тапкандар – 4 637)

 Россия – 80 949  (каза тапкандар – 747)

Маалыматты аталган сайттан алып, Республикалык штаб даярдады. 

 

12:27 27.04.2020

Ош облусу жана шаарында быйыл окуучулар экзамендерди дистанттык түрдө тапшырып, бүтүрүү кечелери өткөрүлбөйт. Бул туурасында Ош шаары жана Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча комендант Малик Нурдинов маалымат жыйында билдирди.

Комендант мектеп жана университеттерде өтө көп адам чогулгандыктан кооптуулук алда канча жогорку экенин белгилөө менен дистанттык режимге көнүүгө чакырды.

“Мындан 10 күн мурда мектеп директорлору менен сүйлөшкөндө “жылдык баалар IV чейрегинин жыйынтыгы менен коюлат. Эгер үч чейрек начар окуп, мында жакшы окуса ошого каралат” деп айтышкан. Мамлекеттик экзамендер да дистанттык негизде өтөт. Муну менен окуучуларга аябай ыңгайлуу шарт түзүлүп жатат, мектепте такай көзөмөл болмок, үйдөн тапшырганда бардык окуу куралдары жанында. ЖРТ дагы ушундай өтүшү мүмкүн. Андыктан көп упай алганга аябай жакшы шарт түзүлүп жатат”, — деди Нурдинов.

 

 

12:22 27.04.2020
11:55 27.04.2020

15-жашка чейинки балдар — 84, анын төртөө бир жашка чыга элек ымыркайлар;
16-19 жаштагылар — 19;
20-35 жаштагылар — 191;
36-55 жаштагылар — 248;
56 жаштан жогоркулар — 153.


  

11:54 27.04.2020

Бишкек шаарында — 164;
Ош облусунда — 160;
Жалал-Абад облусунда — 111;
Ош шаарында — 110;
Нарын облусунда — 86;
Чүй облусунда — 46;
Ысык-Көл облусунда — 10;
Баткен облусунда — 8;
Талас облусунда бир да учур катталган жок.

 

 

11:48 27.04.2020
11:46 27.04.2020

Кытайдан келген дарыгерлердин эксперттик тобу кыргыз медиктеринин деңгээлине баа берди. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

 

Дезинфекция Павелецкого и Ярославского вокзалов в Москве - Sputnik Кыргызстан
Кытайдан келген дарыгерлер кыргыз медиктерине кандай баа бергени айтылды
11:14 27.04.2020

“Бүгүн айта турган жакшы жаңылыгым бар. Дарыгерлердин айтымында, ооругандарга караганда сакайгандардын саны бир топ өсө баштады. Дарыгерлердин жана башка тиешелүү тараптардын эмгеги текке кеткен жок го деп эсептейм. Оору менен ушундай духта күрөшүүнү уланталы”, - деди Бишкектин коменданты Орозалиев.

11:08 27.04.2020

Видео Саламаттыкты сактоо министрлигинин социалдык тармактагы баракчасынан алынды

11:01 27.04.2020

НАРЫН. ӨКМдин облустук башкармалыгы күн сайын дезинфекциялоо, эскертме-көрсөтмөсү бар маалымат баракчаларын таркатуу, ошондой эле үн чоңойткуч менен калкка кабарлоо иш-чараларын жүргүзүүдө. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

10:20 27.04.2020

Кытайда бир сутка ичинде коронавирус үч гана кишиден табылып, 80 бейтап айыгып чыкты. Ал эми каза болгондор жок экендигин өлкөнүн саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети билдирди деп РИА Новости жазды.

 

Распространение коронавируса нового типа в Китае  - Sputnik Кыргызстан
Кытайда бир суткада үч кишиден гана коронавирус чыкты
10:19 27.04.2020
10:14 27.04.2020

"13 кишинин экөө чет өлкөдөн келген. Бирөө Россиянын Соль-Илецк шаарында чек арада бир айдан кармалып тургандардын бири. Кыргызстанга киргенде лабораториялык анализ алынганда коронавирус чыккан. Экинчиси - Новогород шаарынан келгенден кийин сыркоолоп дарыгерге кайрылганда аныкталган. Анын үй-бүлөсүндөгү бир адамга жукканы белгилүү болду", - деди Үсөнбаев. 

10:13 27.04.2020
10:12 27.04.2020
10:11 27.04.2020

Бишкек ш. – 6
Ош ш. – 1
Ош облусу - 1
Чуй облусу – 2
Нарын облусу - 1
Ысык-Көл облусу - 2

10:09 27.04.2020
10:09 27.04.2020
10:07 27.04.2020
10:06 27.04.2020
10:06 27.04.2020
10:00 27.04.2020
10:00 27.04.2020
10:00 27.04.2020
09:50 27.04.2020

Кечээ кечинде жана 27-апрелге караган түнү республиканын өзгөчө абал режими киргизилген шаарлары менен аймактарында коменданттык саатты 80 киши бузуп, алты автоунаа атайын жайларга токтотулган.

 Коменданттык сааттын талаптарын бузгандардын саны:

Бишкек шаары — 66;
Жалал-Абад шаары — 5;
Ош шаары — 1;
Сузак району — 2;
Нарын шаары — 4;
Ат-Башы району — 2;

Ноокат жана Кара-Суу райондорунда эч ким тартипти бузган эмес.

 

 

09:26 27.04.2020

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке түшкөн каражатты бөлүштүрүү боюнча комиссия медиктердин маянасына кошумча каражат которуу маселесин карады.

 

Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Элден чогулган акча: медиктерге дагы канча кошумча маяна керектиги эсептелет
09:18 27.04.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0