Кытайдан келген дарыгерлер кыргыз медиктерине кандай баа бергени айтылды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКоопсуз костюмчан жана респиратор менен дарыгерлер. Архив
Коопсуз костюмчан жана респиратор менен дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Четөлкөлүк медиктер байкоо жүргүзүп чектөө киргизилгенден кийин карантин шарттарын катуураак кармоону сунушташкан.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кытайдан келген дарыгерлердин эксперттик тобу кыргыз медиктеринин деңгээлине баа берди. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, кытайлык адистер өлкөдө бейтаптарды дарылоодогу колдонмолор эл аралык стандартка дал келерин айтышкан.

“Жакшы шарттар түзүлүп, алгылыктуу иштер жасалып жатканына токтолушту. Биздин дарыгерлердин деңгээли жогору экенин өзгөчө белгилешти. Мындан сырткары, лабораториялык шарттарды дагы көрүп, анда эл аралык стандартка ылайык иш алып барып жатканыбызды айтышты. Ошондой эле алар байкоолоруна карап карантин шарттарын катуураак кармоону сунушташты. Өзүлөрүнүн тажрыйбасында “карантин эрежелерин толук сактадык. Бул учурда бүт камсыздоо жана башка жагын чечүүгө көңүл бурсаңар” деп эскертишти”, — деди Үсөнбаев.

Мындан сырткары, адистер өлкөдөгү дезинфекциялоо иштери туура экенин айтып, ал дагы жакшы натыйжа берерин белгилешкен. Тажрыйба алмашуу максатында дагы да келүү ниетин билдиришкенин кошумчалады.

Кытайдан келген медицина кызматкерлери бүгүн саат 12.00дө учуп кетишет. Алар өлкөдөгү коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөктөшүү үчүн 20-апрелде келген.

Коронавирустун кесепети

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга келген кытайлык дарыгерлердин иш сапары аяктаганын билдирди - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык дарыгерлердин Кыргызстандагы сапары карыды. Аткарган иштери
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 695ке жетип, анын жарымынан көбү, 395и айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0