Дээрлик 700 адамга жукту. COVID-19 көп катталган аймактар жана жаш курагы

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOДарыгер укук коргоо кызматкери менен чогуу блокпостто турган учурда. Архив
Дарыгер укук коргоо кызматкери менен чогуу блокпостто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү статистикага ылайык, Бишкек шаары илдетке кабылгандардын саны боюнча биринчи орунга чыгып, 164 учур катталды.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны өсүп, аймактар боюнча Бишкек шаары биринчи орунга чыкты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

27-апрелге карата жалпы катталган учурлардын саны 695ке жетти. Анын ичинен 373ү аял киши, 327си эркек. Бүгүнкү статистикага ылайык, Бишкек шаары илдетке кабылгандардын саны боюнча алдыңкы сапка чыкты.

Аймактар боюнча жуктургандардын саны:

  • Бишкек шаарында — 164;
  • Ош облусунда — 160;
  • Жалал-Абад облусунда — 111;
  • Ош шаарында — 110;
  • Нарын облусунда — 86;
  • Чүй облусунда — 46;
  • Ысык-Көл облусунда — 10;
  • Баткен облусунда — 8;

Талас облусунда бир да учур катталган жок.

Жаш курагы боюнча төмөндөгүдөй:

  • 15-жашка чейинки балдар — 84, анын төртөө бир жашка чыга элек ымыркайлар;
  • 16-19 жаштагылар — 19;
  • 20-35 жаштагылар — 191;
  • 36-55 жаштагылар — 248;
  • 56 жаштан жогоркулар — 153.

Азыркы тапта 292 бейтап ооруканада дарыланууда. Оор абалда 12 адам жатат, жетөө жандандыруу бөлүмүндө. Орточо оор абалда жаткандар - 22, ал эми 258 кишинин абалы канааттандырарлык деп бааланып жатат. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Лабораториялык тастыктоого келген 47 319 анализдин 46 627синин жыйынтыгы чыкты.

Москва во время режима самоизоляции жителей - Sputnik Кыргызстан
КРде коронавирусту экинчи ирет жуктуруп алгандар барбы? Министрликтин жообу
Азыркы тапта COVID-19 жуктурган адамдар менен байланышта болгондордун саны 2 753тү түзөт. Обсервация жайларында 1044 киши жатат.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0