Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков. Архив

Министр: дистанттык окутууну жаңы окуу жылында дагы колдонобуз

5077
(жаңыланган 13:17 27.04.2020)
Жаңы окуу жылынан тарта каалаган окуучулар мектептеги сабагынан кийин ар бир багыт боюнча видео сабактарды көрүүгө, билим берүү порталдарындагы окуу материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк ачылары айтылды.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Дистанттык окутуунун кийинки жумаларында мугалимдер инновациялык тажрыйбаларды үйрөнүп, чыгармачылык менен изденип, билим берүү процессин жакшы жолго коюп алышты. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Ал шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен кезектеги онлайн-конференциясын уюштуруп, дистанттык окутуунун жүрүшүн талкуулаган.

Министр алгачкы жумаларда мугалимдер жана окуучулар жаңы форматта иштөөнү өздөштүрүшсө, эми аны бир жолго салып, жигердүү иштеп жатышканын белгиледи.

"Мугалимдердин эмгегин баалап, азыр баары ыраазычылыгын айтып жатышат. Мектеп мугалимдеринин өз ишине так, эмгеги ак экендигин коомчулук сезүүдө. Педагогдордун жоопкерчиликтүүлүгүнөн, күнү-түнү иштеген мээнеткечтигинен коомдо кадыр-баркы жогорулап баратат. Дистанттык окутуу — мугалим, окуучулар менен бирге көпчүлүк ата-энелердин да санариптик сабаттуулугун арттыра баштады. Бул жакшы көрүнүш. Азыр биз башыбыздан өткөрүп жаткан билим берүү процессин терең анализдеп, алгылыктуу жактарын алып, кемчиликтерин түздөп, алдыга кадам шилтешибиз керек", — деди Исаков.

Ал ошондой эле жаңы окуу жылынан тарта дистанттык окутууну кошумча билим булагы катары киргизүү пландалып жатканына токтолду.

"Жаңы окуу жылынан тарта каалаган окуучулар мектептеги сабагынан кийин ар бир багыт боюнча видео сабактарды көрүүгө, билим берүү порталдарындагы окуу материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүктөр ачылат. PISA менен ЖРТга даярдоо боюнча мугалимдер жана окуучулар үчүн онлайн-сабактарды сунуш кылабыз. Көп тилдүүлүк, IT-технология жана түрдүү предметтер боюнча тереңдетип үйрөтүүчү онлайн-курстарды иштеп чыгабыз деген максатыбыз бар", — деди министр.

Исаков телевизор, телефонго муктаж үй-бүлөлөрдүн маселеси жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөрдүн жардамы менен мүмкүнчүлүккө жараша чечилип жаткандыгын, бул боюнча жумуштар улана берерин кошумчалады.

5077
Белгилер:
Каныбек Исаков, окуучулар, мугалим, Билим берүү жана илим министрлиги
Тема боюнча
Өлкөдө 800дөн ашык үй-бүлө телевизорлуу болду
Ойтемиров: Эмгек кодексине дистанттык иштөө боюнча өзгөртүү сунушталууда
Балдарды мектепке даярдаган мугалимдердин айлыгы кандай чыгат? Министрликтин жообу
Дистанттык окуу: бардык мугалимдердин айлыгы толук төлөнөт
Бишкек шаары. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

10
(жаңыланган 21:03 04.07.2020)
Түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Эртең күндүз республика боюнча көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас жергесинде +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +22...+27 градус жылуу болот.

Борбор калаада күндүн табы +27...+29, Ошто +33...+35, Чолпон-Атада +22...+24 градус болору маалымдалды.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

10
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы
Аэропорттогу дарыгерлер. Архив

Мекенге жардамга баратабыз! Эртең Россиядан биздин медиктер учуп келет

52
(жаңыланган 21:12 04.07.2020)
Дарыгерлер мурдараак кыргызстандыктарга жардам бериш үчүн дары-дармекке жана меджабдууларга каражат чогултууга чакырык таштаган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Эртең, 5-июлда, мекенине жардам бериш үчүн Бишкекке Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык дарыгерлер учуп келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине алардын бири Нурлис Токебаев билдирди.

Токебаев медицина кызматкерлеринин Кыргызстанда жетишсиз болуп жаткандыгын көргөндөн кийин жардам берүү үчүн келүүнү чечишкендигин айтып берди. Аны менен катар эле Россияда атайын акция жарыяланып, 2 миллион рубль акча чогултулган.

Өзбекстан Кыргызстанга учак менен 8 тонна гуманитардык жардам алып келди. Сүрөт

"Аларды жөнөкөй мигранттар: таксисттер, ашпозчулар, базарда соода кылгандар чогултту. Бул акчага канча экенин билбейм, бирок кычкылтек концентраттары, коронавирусту дарылоодо пайдаланыла турган препараттар алынды", — деди Токебаев.

Анын айтымында, кыргызстандыктардын бири ИВЛ аппаратын сатып берди. Аны бир аптадан соң, кийинки каттам менен алып келишет.

"Бүгүн саат 1:00дө элчиликтин алдына чогулуп, андан ары аэропортко жөнөйбүз. Бара тургандар 30га чукул дарыгерлер менен медайымдар. Демилгени Facebook тармагында көтөрүп чыктык, бизди бийлик колдоду", — деп кошумчалады ал.

Боронов: Россияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардамга даяр, учак менен алып келебиз

Өлкө боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 7094. Анын 2714ү айыгып, тилекке каршы, 78 киши көз жумду.

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусуна март айынан бери 3009 адам чалдыкты. Бүгүнкү күндө анын 736сы айыгып чыкты. Ал эми 496 адамдын абалы оор, 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

52
Белгилер:
Кыргызстан, жардам, мекен, дарыгерлер, Россия
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өкмөт ыктыярчы медиктер кайрыла турган номерлерди жарыялады
Имарат берип, жабдуу таап, медик чогултуп... Эл ооруга каршы бир муштумга түйүлгөндө