Бишкек коменданты географияны мыкты билген үй-жайы жок кишини издеп жатат

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүГорода мира. Женева
Города мира. Женева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комендант жаранга адам катары жардам көрсөтүү үчүн анын жүргөн жерин билгендер болсо кабарлап коюуну өтүнүүдө.

БИШКЕК, 27-апр. – Sputnik. Борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев соцтармактагыларды география жаатындагы билими менен таң калтырган туруктуу үй-жайы жок кишиге жардам бергиси келет. Бул тууралуу коменданттын Facebook баракчасына жарыяланды.

"Үй-жайы жок адамдын энциклопедиялык билими мени таң калтырбай койгон жок. Видеосун көрүп, акылына баа бердим. Урматтуу достор, бул кишинин жүргөн жерин билгендер болсо комментарийге жазып койсоңуздар. Ага азык-түлүк берип, колдоо көрсөтөт элек", - деп жазды Орозалиев.

Ал ошондой эле мектепте окуп жүргөн кезинде география сабагын жакшы көргөнүн кошумчалаган.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын интернет айдыңына үй-жайы жок адамдын видеосу тараган. Анда ал география жаатындагы билими менен бөлүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0