Боронов: алыска жүк ташыган айдоочуларды текшерүү күчөтүлөт

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Кубатбек Боронов
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан ары жүк ташуучулардын анализди тапшырган-тапшырбаганы, анын жыйынтыгы чыкмайынча байланышты чектөө талаптарын аткарган-аткарбаганы күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнөт.

БИШКЕК, 27-апр. – Sputnik. Кыргызстандын аймагына кирген жүк ташуучуларды коронавируска текшерүү күчөтүлөт. Ошондой эле алардын андан аркы аймактар аралык кыймылына дагы өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

Азыркы тапта жүк ташуучулар алгач экспресс-тест тапшырышууда. Эгер дарт аныктала турган болсо кийинки ПЦР-анализин (кан же мазок алынат) беришет. Анын жыйынтыгы чыкмайынча обсервацияда болушат.

“Тилекке каршы, үй карантининде отурууга милдеткер болгон жактар башка адамдардын жашоосу үчүн тобокелдик жаратып, ишин уланткан учурлар бар. Буга байланыштуу коопсуздукту камсыздоо максатында жүк ташуучуларды көзөмөлгө алуу керек. Мындан ары алардын анализди тапшырган-тапшырбаганы, анын жыйынтыгы чыкмайынча байланышты чектөө талаптарын аткарган-аткарбаганы күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынат”, — деди Боронов.

Жыйында тармактык мамлекеттик органдарга Кыргызстандын аймагына жүктүн кирүүсүн жана андан аркы жүрүүсүн көзөмөлдөө алгоритмин жакшыртуу тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0