Бишкек мэриясы Кытайдан 100 автобус сатып алат. Тендердин жыйынтыгы

© Sputnik / Табылды КадырбековГаз менен жүрчү автобустар. Архив
Газ менен жүрчү автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Газ менен жүрүүчү автобустарды алууга багытталган сынак быйыл кышта жарыяланган. Буга бюджеттен 650 миллион сом каралган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кытайлык компания тендерди жеңип, Бишкекке 100 автобус алып келмей болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тендерди Xiamen king long united automative industry Co., Ltd компаниясы утуп алды. Газ менен жүрүүчү автобустарды алууга багытталган сынак быйыл кышта жарыяланган. Буга бюджеттен 650 миллион сом каралган болчу.

Материальная помощь социально-уязвимым слоям населения в условиях ЧП - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: Бишкекте 48 миң үй-бүлөгө тамак-аш жеткирилди
Тендерге беш кытайлык жана Россия менен Белоруссиянын бирден компаниялары катышкан.

Ошондой эле март айынын аягында сынакка катышкан компаниялардын бири тендердик комиссиянын бүтүмүнө нааразы болуп арыз жазган. Буга байланыштуу мэрия Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментине тендердик комиссиянын ишине баа берүүнү өтүнүп кат жолдоду.

Автобустар 2020-жылы чыккан. Бир транспортко 70тен ашык адам батат. Отургучтардын саны 26дан кем эмес. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн дагы ыңгайлуу экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0