Коронавирус жуктургандарды дарылоого канча акча корогону белгилүү болду

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүДем алдыруучу вентиляция аппараты клиникалык ооруканада. Архив
Дем алдыруучу вентиляция аппараты клиникалык ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илдетке кабылган бир адамга оорунун деңгээлине жараша 8000 сомдон 118 миң сомго чейин жумшалып жатканы айтылат.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Соңку тастыкталган маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирус жуктургандарды дарылоого жана обсервациядагы чыгымдарга 8 миллион сомдон ашык каражат жумшалды. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 жуктурган жарандар мамлекет тарабынан дарыланат. Оорунун категориясына жараша ар кимге ар башкача каражат сарпталганы белгиленди.

“Ооруканада, обсервацияда жаткан жана айыгып чыккан 1935 адамдын маалыматы биздин программага кирди. Анын ичинен илдетке чалдыккан 165 бейтапты стационарда дарылоого 3 миллион 98 миӊ 824 сом сарпталды. Ал эми обсервацияда көзөмөлдө жаткан 1794 адамга 5 миллион 264 миӊ 219 сом бөлүнгөн. Жалпы суммасы 8 миллион 363 миң сомду түзүп жатат”, — деди Боронбаева.

Ошондой эле ал жеңил даражадагы бир бейтап үчүн 7 998 сом, орто даражадагыларга 16 370 сом, оор даражадагыларга 74 765, өтө оор абалдагыларга 118 807 сомдон жумшалып жатканын айтты.

Бул эсептөөгө дары-дармектерге, стационарда калууга (тамак-аш, коммуналдык чыгымдар), медициналык каражаттарга, изилдөө жүргүзүүгө жана анализ тапшырууга кеткен чыгаша кирет. Ошондой эле медиктердин айлык маянасы да кошуларын билгиледи.

Коронавирустун кесепети

Центр инфекционных болезней ФГАУ НМИЦ здоровья детей готов к приему детей с COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
3000 доллар эмес! Коронавируска кабылган адамды дарылоого канча кетери айтылды
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 695ке жетип, анын жарымынан көбү, 395и айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0