17 тез жардам унаасы. Ишкерлердин медиктерге берген жардамы боюнча маалымат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүФедеральный клинический центр высоких медицинских технологий ФМБА в Химках
Федеральный клинический центр высоких медицинских технологий ФМБА в Химках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда медицина мекемелерине фонддор, юридикалык жана жеке жактар ар тараптан колдоо көрсөтүп жатат.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат берди.

Ал коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө саламаттык сактоо мекемелерине ар кандай фонддор, юридикалык жана жеке жактар колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи.

23-апрелге карата келип түшкөн жардамдар: 

  • 6300 коргоочу костюм;
  • 113 933 бир жолу колдонулуучу бет кап;
  • 4030 респиратор;
  • 17 тез жардам унаасы;
  • 34 кычкылтек концентратору;
  • 1172 коргоочу көз айнек;
  • 7 керебетке бекитилүүчү монитор;
  • 5 өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараты.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 695ке жетип, анын жарымынан көбү, 395и айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0