Франциялык макизарлардын үй-бүлөсү Досой Кадыров менен Елена Бертран.Фрунзе шаары. 1965-жыл

Концлагерден качып барып француз кызы Еленага үйлөнгөн. Макизар Досой Кадыровдун баяны

2018
(жаңыланган 18:05 27.04.2020)
Гитлердик баскынчылардын мизин кайтарып, бир катар мамлекеттерди бошотууда советтик партизандардын эмгеги нар көтөргүс. Концлагерден качып, Франциянын каршылык кыймылына кошулган туткундардын арасында кыргызстандык жоокерлер да бар эле.

Советтик макизарлар үчүн Франция экинчи Ата Журтка айланганы менен  жашоосу трагедияга айланды. Айрымдары француз кыздарына үйлөнгөн учурлар болгон. Анын бири Досой Кадыров француз кызы Елена Бертран менен баш кошкон. Досой менен Еленанын трагедиялуу махабат дастаны жөнүндө казак жазуучусу Сабит Кинеев жазып даңазалаган. Бул каарман тууралуу Досой Кадыровдун иниси Досалынын кызы Гүлсара Сариева менен колумнист Алмаз Батилов маектешти.

— Тек-жайыңар тууралуу айтып берсеңиз?

— Атам Досой Кадыров 1918-жылы 23-февралда Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында төрөлгөн. Чоң атам Исак жокчулуктун азабын тарткан кембагал эле, мындан улам 1917-жылы Октябрь революциясын жан дили менен кабыл алган. Кызыл гвардиянын катарына кошулуп, коммунисттик партияга өткөн. Кыргыз ССРинин жер иштетүү боюнча элдик комиссариатында мал чарбачылык бөлүмүнүн инспектору болуп иштеген. 1932-жылы Кызыл гвардиянын жоокерлери менен партизандардын машыгуусу учурунда каза болгон.

История Макизара Досой Кадырова бежавшего из концлагеря и женившегося на француженке Елене.
© Фото / из личного архива Гулсары Сариевой
Франциянын каршылык кыймылынын кичи лейтенанты Досой Кадыров советтик макизарлар менен Түштүк Францияны бошоткондон кийин. 1944-жыл

— Досой Кадыров Улуу Ата Мекендик согушка армияда жүрүп чакырылган турбайбы?

— Досой атам Фрунзе шаарынан беш класс билим алып, кыргыз зоотехникалык ветеринардык техникумунун даярдоочу бөлүмүнө өтүп, кийин бул орто окуу жайдын ветеринардык техник адистиги боюнча билим алган. Бир жарым жыл Ат-Башы районундагы ветеринардык башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. 1938-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 128-аткычтар дивизиясынын курамындагы 292-артиллериялык полктун катарында аскердик кызматын өтөй баштайт. 1940-жылы СССР менен Финляндиянын ортосундагы согушка катышкан. Ошол эле жылы аскердик жетекчилик аны атайын даярдоо курсунан окутуп, кичи лейтенант наамы ыйгарылган.

Атам Балтика деңизинин боюндагы көз карандысыз республикаларды Совет мамлекетинин курамына кошуу процессине катышкан. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда ушул жерде экен.

История Макизара Досой Кадырова бежавшего из концлагеря и женившегося на француженке Елене.
© Фото / из личного архива Гулсары Сариевой
Советтик Армиянын офицери Досой Кадыров полктоштору менен чогуу (оң жактан экинчи). Литва. 1940-жыл

— Кандайча туткунга түшүп калыптыр?

— Өзүнүн эскерүүсү боюнча согуштун алдында батальондун жетекчилигине улгайып калган теги орус майор Василий Сидорович дайындалыптыр. Фамилиясы эсимде жок. Мурда генерал экен. 1930-жылдары жалган жалаа менен репрессияга туш болуп, түрмөдө отуруптур. Кызыл Армияда такшалган адистердин жетишсиздигинен улам аскердик жетекчилик аны түрмөдөн бошотуп, батальонго командир кылып жиберген экен. 1941-жылы 5-июлда бөлүк курчоодо калып, туткунга түшкөндөрдүн арасында атам да бар экен. Оор жарадар болуп, эсин жоготуптур.

“...Эсиме келсем комбатым: “Жигиттер, мүмкүнчүлүк болгондо команда берем, кароолчуларга кол салып куралдарын тартып алып, качкыла. Айрымдарыңар курман болосуңар, ошентсе да көпчүлүгүңөр качканга үлгүрөсүңөр. Силердин командириңер лейтенант Досой Кадыров болот. А мен болсо кача албайм оор жарадармын, шайым жок, балдарым. Акыркы патрон калганча силерди коргоп өлөм” деп буйрук берди.

Бирок мындай мүмкүнчүлүк болгон жок. Немистер бизди темир жол станциясына жөө айдап келип, вагонго сала баштаганда айлабыз түгөндү. Ошондо комбатыбыз: “Муну менен согуш бүтүп калбайт, үмүтүңөрдү үзбөгүлө, биз акыры буларды жеңебиз. Аманчылык болсо дагы менин бул сөздөрүмдү эстейсиңер” деп кыйкырды. Кароолдогу ефрейтор жүгүрүп келип аны атып салды. Комбатымдын каза болгонун көрүп, биринчи жолу ыйладым...

Ефрейторго менин орунбасарым кичи лейтенант Сергей жакын келип: “Атаң менен тең куралсыз советтик офицерди атып салдың. Сен адам сыягынан кеткен турбайсыңбы. Эстеп кой, биз сөзсүз силерди жеңебиз. Сен ушул жасаган кылмышың үчүн сөзсүз жооп бересиң” деди. Сергейди да атып салды. Ошондо эч кандай командасы жок кароолчуларга кол салдык. Тилекке каршы, күч тең эмес эле. Фашисттер арабыздан кээ бир полктошторумду өлтүрдү, калганыбызды мылтыктын кундагы менен уруп жерге жаткырышты. Жарым сааттан кийин кайрадан уруп, тепкилеп иттерине талатып вагондорго салып, Германиядагы концлагерге алып барышкан.

История Макизара Досой Кадырова бежавшего из концлагеря и женившегося на француженке Елене.
© Фото / из личного архива Гулсары Сариевой
Франциянын каршылык кыймылынын офицери Досой Кадыровдун француз тилиндеги күбөлүгү

— Ал жактан көрбөгөн азабы калбаса керек...

— Ооба, атам Гитлердин желдеттери советтик туткундарды адам катары көрбөй мазактап кордогонун, адам жасабаган нерсени кылышканын айтчу. Анысы аз келгенсип, фашисттер туткундарды күнү-түнү иштетип, жугунду беришчү экен. Ар түрдүү медициналык тажрыйбалар жасалчу тура. Атам  туткундардын көбү ачарчылык менен оорунун айынан каза болгонун айтчу. 

— Анан концлагерден кантип качып чыгыптыр?

— Фашисттер СССРди ичинен иритиш үчүн атайын советтик туткундар үчүн ар түрдүү легиондорду түзгөн. Гитлердин идеологдору “Сталин туткундарды чыккынчы деп жарыялады. Анын үстүнө Кеңеш өкмөтү бийлигин орноткондо жана коллективизация учурунда элиңерге каршы репрессия жүргүзүп, запкыга салган. Ошон үчүн Ата Мекениңер азаттыкка жетиш үчүн Германия силерге жардам берет” деп алдаган. Мисалы, Орто Азиянын түрк тилдүү жоокерлери үчүн атайын түзгөн “Түркстан СС” легионуна кызматка өтүүнү сунуштаган. Булар теги кыргыз, казак, өзбек жана түркмөн кызыл аскерлер жан дили Ата Мекенине каршы согушат деп ойлошкон. Бирок атам санаалаштары менен Гитлерге калп эле баш ийимиш болуп “Түркстан СС” легиондун катарына өтүшкөн. Бирок фашисттер да куу эле. Булардын максаты советтик туткундарды СССРдин батыш өнөктөштөрү менен европалык партизандарга каршы согуштуруу болчу. Ошондуктан 1944-жылы гитлерчилер аларга курал бербей вагондорго салып Францияга жөнөтөт. Жолдон АКШ менен Англиянын авиациясы эшелонду бомбалап, жүздөн ашык теги кыргыз, казак жана грузин туткундар качышат. Жыйырма кишиден беш топко бөлүнүп кетишкен экен.

История Макизара Досой Кадырова бежавшего из концлагеря и женившегося на француженке Елене.
© Фото / из личного архива Гулсары Сариевой
Франциядагы 1-советтик партизан полкунун жоокерлери чогуу түшкөн сүрөтү (Досой Кадыров оң жактан үчүнчү). Түштүк Франция. 1944-жыл

— Макизарларга ошондон кийин кошулган турбайбы?

— Франциянын курамындагы Пиреней тоолорундагы жергиликтүү эл Гитлердин армиясынын формасын кийген советтик жоокерлерден чочуп, жардам бергенден коркушкан экен. Айласы алты кетип турганда туткундар атамдын болочоктогу жубайы Елена Бертранга жолугушат. Ал Альби шаарындагы бай көпөстүн кызы экен. Атасы Франциянын каршылык уюмунун активдүү мүчөсү болчу. Елена апам француз макизарлардын отряддарынын ортосунда байланышчы экен. Ошондуктан ал атам баш болгон 23 туткунду шарап сактачу жер төлөгө жашырып багат. Ошондон баштап апам экөөнүн ортосунда сүйүү пайда болот. Атам француз тилин үйрөнүүгө далалат кылат.

Апам макизарларга жер төлөдөгү жашынган советтик туткундар жөнүндө айтып, отрядга кошкон экен. Буга чейин алардын арасында теги испан антифашисттер көп болчу. Белгилей кетчү жагдай, макизарлардын катарында улуту немис антифашисттер да бар экен. Адегенде француз партизандары булардын курсагын тойгузуп, кийинтип, акырындык менен бутка тургузат. Андан кийин атам полктоштору менен фашисттик Германиянын армиясына каршы диверсияларды жана буктурма уюштуруп, капысынан кол салууга катыша баштайт. Кантсе да атам Кызыл Армиянын офицери болгондуктан аскердик тактиканы жакшы билчү да. Анын үстүнө ал Жумгалда тоо арасында өскөндүктөн, Франциянын Пиреней тоолорунда партизандык согушту мыкты өздөштүргөн. Эрдиги үчүн француз макизарлары аны чалгынчылардын взвод командиринин орун басарлыгына дайындап, кийин командир курман болгондо ордун баскан экен. Атама Француз каршылык кыймылынын кичи лейтенант наамын ыйгарышкан.

История Макизара Досой Кадырова бежавшего из концлагеря и женившегося на француженке Елене.
© Фото / из личного архива Гулсары Сариевой
СССР армиясынын жана Франциянын каршылык кыймылынын офицери Досой Кадыров (оң жактан экинчи) бир туугандары жана теңтуштары менен. Фрунзе. 1965-жыл

— Француз кызы Еленага кандайча үйлөнүп калыптыр?

— Бир ирет атам курчоодо калып, он күндөй салгылашып, араң дегенде отрядга кайтып келгенде Елена апам биринчи болуп тосуп алган экен. Баары каза болду же кайрадан туткунга түштү деп түңүлүп калышыптыр. Ошондон баштап экөө ынак болуп үйлөнүшөт. Согушка карабастан, партизандар атам менен апамды үч ат чегилген арабага салып, догосуна бекитилген кичинекей коңгуроолордун шаңы менен айылдарды аралап, накта “комсомолдук той” өткөрүшкөн экен.

— Андан кийинки тагдыры кандай болду?

— Кийинчерээк Ним шаарында биринчи советтик партизан полку түзүлөт. Бул полк фашисттик концлагерлерден жана ар түрдүү фашисттик легиондордон качып чыккан советтик туткундардан куралган. Атам башка советтик макизарлар менен ушул полктун катарына кошулат. Ал аткычтар ротасынын командири болот. Алар Гитлерге каршы согушун ушул бөлүктө улантышып, Түштүк Францияны баскынчылардан бошотконго катышат.

1945-жылы биринчи советтик партизан полкунун басымдуу бөлүгү СССРге кайтат. Айрымдары репрессиядан коркуп Францияда калышат. Атам Елена апамдын Францияда калуусун суранат, себеби Союздун турмушуна көнүп кетерине ишенбейт. Апам болбой коёт. Экөө Францияда калып калса деле болот эле. Атам ал жерде аябай кадыр-барктуу болгон экен, оокатын тың кылып кетмек. Бирок ага жана анын көпчүлүк полктоштору үчүн Ата Журттун топурагы алтын эле. 1945-жылы сентябрда экөө Кыргызстанга кайтышат. 1946-жылдан баштап 1952-жылга чейин атам “Ленинчил жаш” гезити менен “Мугалимдерге жардам” журналында кабарчы, котормочу, редактор болуп иштейт.

История Макизара Досой Кадырова бежавшего из концлагеря и женившегося на француженке Елене.
© Фото / из личного архива Гулсары Сариевой
Франциялык макизар Елена Бертран. Ницца шаары. 1940-жыл

— Ата Журтунда да кесилип кеткен турбайбы...

— 1952-жылы Ата Мекенге чыккынчылык кылгансың деген күнөө коюлуп, 15 жылга кесилет. Мындай күнөө менен жалгыз атам гана эмес, чет өлкөдө согушкан партизандардын көпчүлүгү кабылып түрмөгө отурат. Апам байкуш Жумгалда кайындары менен жашайт. Боюнан да түшүп калат. Бирок мүңкүрөп отуруп калбай көрүнгөн жерге арызданып жүрүп атамды Казакстандагы бир түрмөдөн табат. 1956-жылы Хрущев бийликке келип, түрмөдөн бошойт. Андан кийин “Кыргызфильм” киностудиясында пропаганда жана агитация бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп жүрдү. 1970-жылы ал толугу менен акталды. Ага карабастан атам жана чет мамлекеттерде согушкан партизандар СССРдин атайын кызматынын такай көзөмөлүндө эле.

История Макизара Досой Кадырова бежавшего из концлагеря и женившегося на француженке Елене.
© Фото / из архива посольства Французской Республики в КР
Гулсара Сариева Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру менен Маданият министрлигинде жолугуп жаткан учуру. Бишкек. 23-апрель. 2019-жыл

— Елена апаңыз анан бул жактагы жашоого көнүп кеттиби?

— Апам Фрунзе шаарындагы көркөм музейде искусствовед болуп иштеди. Бирок мекенин аябай сагынып, куса болуп жүрдү. Муну көргөн атам жүрөгү чыдабай, 1970-жылдары социалисттик бир өлкөгө жолдомо алып, Францияга качырат. Бүгүнкү күндө да анын тагдыры кандай экени белгисиз. Атам апам кеткенден кийин чүнчүп кетти. Андан кийин бат эле каза болуп калды.

2012-жылы казак элинин белгилүү жазуучусу Сабит Кинеев Астанада атам менен апама жана макизар Омор Жекишевге арнап “Франциялык партизан” аттуу китебин орус тилинде чыгарды. Сабит ага атам менен “Кыргызфильм” киностудиясында чогуу иштеп, ынак экен. Канча жыл атам менен Францияда чогуу согушкан партизандар жөнүндө коомчулук билбей жүрдү. 2016-жылы Франциянын Кыргызстандагы элчиси Стефан Катта макизарлардын балдары менен урпактарына Биринчи радио аркылуу кайрылып, Франция кыргызстандык партизандардын эрдигин унуткан жок деп расмий кайрылганда төбөбүз көккө жетти. Ошондон бери Франциянын азыркы элчиси Микаэль Ру макизарлардын урпактарын элчиликтин ар түрдүү иш-чараларына чакырып, аталарыбызга таазим кылат.

2018
Белгилер:
Жумгал, кыймыл, Франция, Улуу Ата Мекендик согуш
Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (107)
Тема боюнча
8 жашында концлагерге түшкөн Вера апа: фашисттер бизден кан алып, аскерлерин дарылачу
Кыргыз билим берүү академиясынын илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы Дамира Жумабаева

Жумабаева: аймактагы мугалимдердин деңгээлин жогорулатуу көз жаздымда калды

0
Кыргыз билим берүү академиясынын илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы Дамира Жумабаева онлайн билим берүүнүн колго алынышы менен келип чыккан көйгөйлөргө токтолду.

Мугалимдердин, өзгөчө аймактагылардын билим деңгээлин жогорулатуу маселеси ачык турат. Бул тууралуу Дамира Жумабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө илимге жетишерлик көңүл бурулбай жатат.

"Пандемия шартында онлайн окууну жакшыбы, жаманбы, жолго коюп алдык. Бирок бул системанын ишке кириши менен мурда көз жаздымда калып келген айрым көйгөйлөр ачыкка чыкты. Өзгөчө аймактарда мугалимдердин өз алдынча эле иштеп калышканын көрө алдык. Бизде илимдин доктору, кандидаттары жетишерлик жана алардын абдан пайдалуу, мыкты эмгектери бар. Мына ушуларды аймактардагы мугалимдерге тажрыйба жүзүндө жеткирип, алар менен жеринен биргеликте иштеп, айылдык педагогдордун билим деңгээлин жогорулатышыбыз керек. Азыр каражаттын жетишсиздигинен мындай иш-чаралар Бишкек жана Чүйдүн тегерегинде гана жүрүп калды. Аймактарга онлайн семинар, вебинарларды уюштурумуш болобуз, бирок бул жетишсиз. Алар менен айлап, көзмө-көз иштешип, үйрөтүү зарыл. Мына ошондо гана окуучулардын билим деңгээлинин түшүп кетүүсүнүн алдын ала алабыз", — деди Жумабаева.

Педагог айрым интернет жетпеген аймактарда же мугалим жаңы техниканы анча өздөштүрө албаган жерлерде балдардын билим алуусу чоң коркунучка кептелип жатканын кошумчалады.

0
Белгилер:
көйгөй, мугалим, илим, билим, Дамира Жумабаева
Тема боюнча
Ибрагимов: бүтүрүүчүлөрдүн 10-15%ы дароо эмгек миграциясына кетүүдө
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев. Архив

Айдаралиев: органикалык продукция өндүргөндөр мамлекеттен колдоо табат