Атамбаев ден соолугу начар экенин айтып, бүгүн да сотко катышпай койду

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМурдагы президент Алмазбек Атамбаев
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы мамлекет башчы 22-апрель күнү да ден соолугуна байланыштуу сотко катышуудан баш тарткан болчу.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча боло турган отурум мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышпаганына байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу аталган райондук соттун маалымат кызматы кабарлады.

Кол чаап сүрөгөн аялдар... Атамбаевди сотко алып келип, кайра алып кеткен видео - Sputnik Кыргызстан
Кол чаап сүрөгөн аялдар... Атамбаевди сотко алып келип, кайра алып кеткен видео
Билдирүүгө ылайык, Атамбаев ден соолугу начарлаганына байланыштуу ал жок эле сотту өткөрө берүүгө арыз жазган. Мындан тышкары, айыпталуучулардын беш адвокаты да келген эмес. Буга байланыштуу соттук жараян 29-апрелге саат 10.00гө жылдырылган.

Мурдагы президент 22-апрель күнү да ден соолугуна байланыштуу сотко катышуудан баш тарткан. Адвокаты Замир Жоошев анын абалы өткөн жылдын сентябрь айынан бери начар экенин айтып келет. Ал эми УКМК Атамбаев күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин, өзү дагы ден соолугу боюнча арыздана электигин билдирет.

Кой-Таш окуясы

Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Учурда УКМКнын тергөө абагында. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адам дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0