COVID-19: өкмөт атайын эсепке канча каражат түшкөнүн айтты

Жазылуу
Чогулган каражаттар тууралуу Республикалык штабдын алдындагы help.covid.kg сайтынан кенен тааныша аласыз. Жардам иретинде акча которууну каалагандар үчүн дагы эсептин реквизиттери жазылган.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Өкмөт коронавирус менен күрөшүүдөгү иш-чараларды каржылоо үчүн жеке жана юридикалык жактардан атайын эсепке канча каражат түшкөнүн маалымдады.

Билдирмеге ылайык, 27-апрелге карата Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине 134 миллион 144 миң 130 сом түшкөн. Анын ичинен 38 миллион 559 миң 300 сому медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн каралган.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 16 миллион 359 миң 993 сом которулган. Анын ичинен 13 миллион 379 миң 996 сому керектелгени айтылды.

Чогулган каражаттар тууралуу Республикалык штабдын алдындагы help.covid.kg сайтынан кенен тааныша аласыз. Жардам иретинде акча которууну каалагандар үчүн дагы эсептин реквизиттери жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0