Ситуация в Чуйской области в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан

Коронавирустун Кыргызстанды каптаган 43-күнү. Кырдаал боюнча тексттик баяндама

Жазылуу
Дүйнөнүн көп өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстан да коронавируска каршы күрөшүп жатат. Республикада COVID-19 жуктурган адамдардын табылганына бүгүн туптуура 43 күндүн жүзү болду.

Инфекцияны жуктуруп алгандардын саны 708ге жетип, анын ичинен 8 адам көз жумду. Жакшы жагы, оорудан сакайып кеткендер да бар.

Авторынок Риом авто - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 11-майдан тарта эл көп чогулган тармактардын иши жанданат. Тизме
25-марттан баштап өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал киргизилген. Мындай режимге 15-апрелден тарта Нарын шаары менен Ат-Башы району да кабылды. Ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат.

Булардын ичинен 1-майдан тарта өзгөчө абал режими Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондору менен Нарын шаарында токтотулмай болду. Калгандарында улантылат.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
09:44 29.04.2020
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
00:21 30.04.2020

Казакстан Россияда калган кыргызстандыктар үчүн эртең (30-апрелде) чек араны ачат" деген маалымат жалган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Россиядагы элчиси Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

 

Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Россиядагы элчилик чек ара кыргызстандыктар үчүн ачылды деген маалыматты төгүндөдү
18:28 29.04.2020

Вице-премьер Аида Исмаилова маалымат жыйын учурунда медицина кызматкерлеринин айлык акысы апрель айында кандай эсептелерин түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, каражат дарыгерлердин иштеген күнүнө карата эсептелет.

 

Выдача пенсий в КР - Sputnik Кыргызстан
Медиктердин айлык акысы апрелде кандай эсептелет? Түшүндүрмө
17:43 29.04.2020

"200 миң жана 1 миллион сом төлөмдөрү боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Анын чечиминен кийин гана акча  төлөнүп берилет. Бүгүнкү күнгө чейин эч ким ала элек , - деди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

17:35 29.04.2020

"Ооруну жуктуруп алуунун себептери ар кандай болушу ыктымал. Жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги, шарттардын начардыгы же коргонуу каражаттарын алмаштыруу боюнча нускамаларды аткарбоо жана башкалар. Учурда белгиленген комиссия тарабынан анализ жүргүзүлүүдө, ал Ошто иштеп келди”, - вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

17:34 29.04.2020

"Коронавирус инфекциясы жайылган очоктордо казармалык тартипте иштеген дарыгерлерге күнүнө 2300 сом кошумча төлөнөт", - вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Анын айтымында, ошондой эле орто медперсоналга 2000 сомдон, ал эми кенже персоналга жана башка медкызматкерлерге 1800 сомдон чегерилет. Бирок төлөмдөр иш жүзүндө иштеген күндөргө жараша жүргүзүлөт.

15:49 29.04.2020
15:46 29.04.2020
15:30 29.04.2020
15:26 29.04.2020
14:50 29.04.2020

Азыркы учурда көп өлкөлөрдө COVID-19 илдетинен же вирусу барлар каза болуп жатышабы деген талаш-тартыш болуп жатат.

  • Гамбург Университетинин клиникасынын алдындагы сотмедэкспертиза институтунун директору, профессор Клаус Пюшель, 22-марттан 11-апрелге чейин COVID-19 диагнозу менен ооруп көз жумган 65 бейтаптын өлүктөрүн изилдеген. Бардыгы бул оорудан тышкары башка дарттардан да жабыр тартышкан. Ошентип, 46 адам жашоосунда өпкө ооруларына чалдыккан, 28 бейтапта башка ички органдары ооруп, же органдары алмаштырылган, 10 адам диабет же семирүү менен ооруган, 10 адамда – рак, 16 адамда – кем акылдыгы (деменция) бар болуп чыккан. Демек, вируска олуттуу мамиле кылыш керек, бирок дүрбөлөңгө түшпөө маанилүү.
  •  Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги серологиялык изилдөөнү баштады. Бул расмий маалыматтар менен өлкөдө SARS-CoV-2 вирусунун реалдуу жайылышынын айырмачылыгын анализдөө, жана өкмөткө чектөөлөрдү жумшартуу боюнча чараларды мыкты пландоого өбөлгө түзүү максатында жасалууда. Изилдөөнүн алкагында 36 миӊге чукул үй-бүлө – болжол менен 90 миӊ адам коронавирустун бар-жогуна текшерилет.
  • Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон азыр өлкөдө карантиндик чектөөлөрдү жумшартуу мезгили эмес экенин билдирди . “Адамдар карантинден чыгууну каалап жатканын түшүнүп турам, бирок коронавирустун экинчи толкунунун тобокелчилиги бар экенин моюнубузга алышыбыз керек”, - деди ал.
  • Дүйнө жүзүнүн 34 жакыр өлкөсүнүн 3,2 миллион тургуну COVID-19 коронавирусунун пандемиясынан каза болушу ыктымал. Ал эми бул өлкөлөрдө илдетти жуктургандардын жалпы саны бир миллиардга чейин жетиши мүмкүн. Мындай божомолду International Rescue Committee эл аралык гуманитардык уюму чыгарды.

Маалыматы Респубилкалык штаб даярдап таратты. 

14:48 29.04.2020

Коронавирус обсервация жана үй карантининде жатпаган адамдардан дагы табылып жатат. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

 

Работа сотрудников Кубань-СПАС - Sputnik Кыргызстан
Боронов: айрымдардын вирусту кайдан жуктуруп алганы белгисиз болуп жатат
14:46 29.04.2020


"Бул маселе жакында чечилет деп үмүттөнүүдөбүз. Өзүӊүздөр билгендей, эл аралык каттамдардын ачылышы бизден гана эмес, ошондой эле каттам калыбына келе турчу өлкөлөрдөн дагы көз каранды. Биздин коӊшу мамлекеттерибизде дагы абал ушундай, айрым өлкөлөрдө мындан да начар. Ал эми ички каттамдар боюнча, жакынкы күндөрү аларды ачуу пландалган эмес. Бул тууралуу айтуу азырынча эрте", - деп жооп берди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

14:04 29.04.2020

“Биздин башындагы эсеп боюнча үч түр каралган. Биринчиси -  эң жаман көрүнүш, экинчиси – Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун методикасы боюнча эсептөө,  3-жакшы көрүнүш деген түрлөрү бар эле.

Биз ДССУнун ыкмасына салып эсептегенде, 30-апрелге чейин ооруну жуктургандар 770ге чыгат дегенбиз. Учурда 729 киши болду. Андыктан, коронавирустун жайылышын көзөмөлдөгөнгө жетише алдык деп айтсам болот”, - деди Боронов.

13:58 29.04.2020

“КРде коронавирустун жайылышынын туу чокусуна чыктык деп айткандан алысмын, элди алдагым келбейт. Дагы иштер бар, штаб кандай чара көрүп, талап койсо жарандарды ошону аткарууга чакырам.

Элдин арасында ооруну алып, бирок симптому жок жүргөндөр жана жашырынып айтпагандар бар. Кыргызстанда 114 жерде коронавирустун очогу бар деп эсептеп, учурда мобилдик топтор иштеп жатат”, - деди биринчи вице-премьер-министр Боронов.

13:43 29.04.2020

"Кандайдыр бир жетекчи карантин учурунда коопсуздук  эрежелерин сактабаса, ага карата кандайдыр бир жаза болот.  Ишкер ишти баштар алдында нормаларды сактайм деген милдеттенме алган кагазга кол коюп берет", - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

13:37 29.04.2020

"Бүгүнкү күндө кафе, ресторандарга тамак жасап буюртманын негизинде гана жеткирүүсүнө уруксат берилген. Бардык режим бүткөндөн кийин гана иштей алышат", — деди вице-премьер-министр Асрандиев.

 

13:34 29.04.2020

Кыргызстандын тышкы карыздар боюнча жеңилдиктерди берип туруу өтүнүчүн донорлор түшүнүү менен кабыл алды. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда вице-премьер Эркин Асрандиев билдирди

 

Государственный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Китай - Sputnik Кыргызстан
Кытай Кыргызстандын карызды жеңилдетүү өтүнүчүнө жооп берди
12:56 29.04.2020

Вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда билим берүү мекемелери, анын ичинде бала бакчалар качан иштей баштаарын түшүндүрүп берди.

 

Школы в Екатеринбурге закрыли на карантин из-за ОРВИ - Sputnik Кыргызстан
Мектеп, бала бакчалар качан иштей баштайт? Түшүндүрмө
12:53 29.04.2020

“Казакстан менен чектешкен Соль-Илецк аймагында (Оренбургда) турган кыргызстандыктарды алып келүү боюнча маселе татаал болуп жатат. Аталган республикадагы КРдын элчиси сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Казакстан тарап жакында бул маселе боюнча жооп берет. Транзиттик аймакты, 2000 чакырымдан ашык жолду басып өтүүгө туура келет. Аларда оорунун тарашынан кооптонуп жатат. Бул маселе да көзөмөлдө турат”, - деди Ниязалиев.

12:45 29.04.2020

Учурда 8 000 кыргызстандык кайтып келүү ниетин билдиришти. Алар дүйнөнүн 58 өлкөсүндө жашап жатат.

Ниязалиев алар менен байланыштар бар экендигин айтты.

“Эгерде кыйналып жаткандар болсо консулдукка кайрылса болот”, - деди ал.

12:38 29.04.2020

“Абал турукташканга чейин чет жактагы кыргызстандыктарды жайгашкан аймагында калууну сунуштайбыз. Жашап турган өлкөлөрдүн коронавирус боюнча койгон коопсуздук талаптарын аткарып, ордуңарда калсаңыздар жакшы болот эле”, - деди ТИМдин орун басары Нуран Ниязалиев.

12:36 29.04.2020

"Өлкөнүн бюджетинде кирешелик жоготуулардан улам, биз тышкы жардам катары башка жолдорду издеп жатабыз. Пандемиянын айынан чек аралар жабылды, бул бажы жана салыктар жактан биздин негизги кирешелерибизди кыскартты. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга жалпы суммасы 120,8 млн долларга тышкы жардам келип түштү, бул каражат бюджеттин чыгашаларын жабууга багытталды”, - деп билдирди вице-премьер-министр Э.Асрандиев.

12:24 29.04.2020

Ишти жандандыруу мезгилиндеги санитардык-эпидемиологиялык талаптар:

  • Ташуучу уюмдардын кызматкерлери массалык тартипти, аралыкты сактап, дезинфекциялоочу каражаттар менен нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүүсү;

  • Объектинин кире беришин фильтрлөө, температураны термометр менен ченөө жана кирип жаткандар сөзсүз түрдө беткап, респиратор менен болуусу;

  • Кызматкерлер менен келгендердин ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоону көзөмөлдөө;

  • Кирип жатканда  гигиеналык шарттарын сактоо үчүн жанында самын жана антисептиктердин болуусун камсыз кылуу;

  • Бөлмөлөрдү, имаратты күнүнө 4-5 жолу желдетүү, бөлмөлөрдү жана иш столун дезинфекциялоочу каражат менен тазалоону камсыз кылуу;

  • Оорунун белгилери (жөтөл, температура, мурундан суу агуу) байкалса, үйдө калып, дарыгер чакыруу сунушталат;


Объектинин ишине санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталган учурда гана уруксат берилет. 

Маалыматты Республикалык штабдан таратышты. 

12:18 29.04.2020

"COVID-19 менен ооруган ар бир бейтапты оорунун деңгээлине, башка кошумча оорулардын болушуна жана жаш курагына карата, дарыгерлер консилиумда индивидиалдуу дарылоо программасын менен дарылашат. Бул ыкма оорунун жаңы түрүнө байланыштуу кабыл алынган. COVID-19 дартына чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн убактылуу клиникалык протоколдор иштелип чыккан. <ейтаптын макулдугусуз дарылоо жүргүзүлбөйт", - деди  Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын орун басары Айнура Акматова.

Иркутский госпиталь ветеранов войн перепрофилируют в инфекционный - Sputnik Кыргызстан
12:14 29.04.2020

Коронавирустун очогу болгон аймактарда эмгектенип жаткан Саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине жана ишке тартылган жактарга кошумча 95 миллион 584 миң сом бөлүнмөй болду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Консультативные работы польских медспециалистов в Оше - Sputnik Кыргызстан
12:07 29.04.2020

Бул боюнча вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат берип, бул тез арада бүткөрүүчү иш экендигин айтты

"Аз убакытта ишканалардын баарына өткөрмө кагазы менен камсыздоо маселеси турат. Бизге абдан көп, 10-20 миң кайырлуу түшөрүн түшүнүп турабыз. Өткөрмө кагаздары  электрондук түрдө гана берилет, кагаз менен болбойт. Бул системаны учурда комендатурада 10 оператор тейлейт, кошумча дагы Салык инспекциясынан, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен 8 адис тартылды”, — деди Асрандиев.

 

11:57 29.04.2020

 Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда айтты.

"1-майдан тарта такси кызматы иштей баштайт. Бирок алар унаасын дезинфекциялап, санитардык эрежелерди сактап, унаасына экиден ашык жүргүнчүнү салбашы керек", — деди Асрандиев.

 

 

11:54 29.04.2020

Коронавирус жуктуруп алып, учурда ооруканада жаткандардын 40 пайызында оорунун симптомдору жок, аларга эч кандай дары-дармек берилген жок. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев брифингде билдирди.

 Ал соңку күндөрү оор абалда жаткандардын абалы орточо болуп, көбү толук айыгып үйүнө чыгарылгандыгын кабарлады.

"Бүгүнкү күндө ооруканадагы 222 бейтапта оорунун жеңил түрү байкалууда, алардын ичинен 40 пайызында оорунун симптомдору жок. Башкача айтканда, алар антибиотик, вируска каршы дарыларды ичишпейт. Дарыгерлер байкоо жүргүзүп турабыз, абалы өзгөрө баштаганда гана симптомдук терапия жасалат”, — деди пульмонолог.

 

10:51 29.04.2020
10:35 29.04.2020

“Пандемия менен күрөшүүдө дарыгерлердин жаңы мууну иштеп жатат. Алар сонун команда. Ооруну оор абалдан алып чыгып кетиш үчүн болгон аракетин жасап жатат. Бул алардын колунан келүүдө”, - деди Сооронбаев.

10:32 29.04.2020

"Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен, оорусу күчөп кеткендердин саны бактыга жараша, аз. Ошондуктан адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болуп жатат", - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонолог Талант Сооронбаев. 

10:09 29.04.2020
10:09 29.04.2020
10:07 29.04.2020
10:06 29.04.2020
10:05 29.04.2020
09:58 29.04.2020
09:58 29.04.2020
09:58 29.04.2020
09:46 29.04.2020
09:43 29.04.2020

“Өкмөт менен Роспотребнадзор Мамлекеттик кеңештин жумушчу тобу менен биргеликте бир жуманын ичинде, тагыраагы, 12-майдан тарта этап-этабы менен чектөө режиминен чыга турган кадамдар боюнча сунуштаманы даярдап келишсин. Албетте, мында учурдагы эпидемиологиялык абал менен алдыдагы божомолдор эске алынышы керек”, — деди Россия президенти Владимир Путин.

 

Москва во время режима повышенной готовности из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Россия 12-майдан тарта этап-этабы менен чектөөлөрдү ала баштайт
09:38 29.04.2020

Өкмөт Кыргызстандагы кырдаалга жараша экономиканы жөнгө салуу үчүн ишкердик тармактарын этап-этабы менен жандантуу боюнча планды бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

 11-майдан баштап эл көп топтолгон тармактар иштеп баштайт.

1. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү:

микрофинансылык уюмдар;
камсыздандыруу компаниялары;
кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
туристтик агенттиктер. 

Толук тизме менен сайттан таанышсаңыз болот.

Авторынок Риом авто - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 11-майдан тарта эл көп чогулган тармактардын иши жанданат. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0