Коронавирустан 21 бейтап сакайып, 437 кыргызстандык үйгө чыкты

© REUTERS / Antara Foto / Hafidz MubarakМедициналык кызматкер ооруканада жумуш учурунда. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада айыгып чыккандардын тогузу Бишкектен, үчөө Ош шаарынан, бирөө Ош облусунан, үчөө Жалал-Абад облусунан, бешөө Нарындан.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде дагы 21 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирустан айыккандардын жалпы саны 437 болду.

"Бир суткада айыккандардын тогузу Бишкектен, үчөө Ош шаарынан, бирөө Ош облусунан, үчөө Жалал-Абад облусунан, бешөө Нарындан. Кайрадан алынган анализдери таза чыкты", — деди Акматова.

Ооруканадагы реанимация бөлүмүндө дем алдыруучу аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан жасалма дем алдыруучу аппарат чыгарууга белсенди
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 729га жетти. Анын ичинен 437си айыкса, сегизи каза болгон.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0