40%ы дары ичкен жок. Башкы пульмонолог коронавирустан дарылоо жолун айтты

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүИзготовление лекарств в Тамбовской детской клинической больнице
Изготовление лекарств в Тамбовской детской клинической больнице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер кандай препараттар колдонулары туурасында алдын ала бейтапка айтып, уруксатын алгандан кийин гана дарылоого киришет.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алып, учурда ооруканада жаткандардын 40 пайызында оорунун симптомдору жок, аларга эч кандай дары-дармек берилген жок. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө COVID-19 менен күрөшүүгө бардык дары-дармек, жабдуулар, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жетиштүү. Ар бир бейтапка абалына жана жаш курагына жараша дарыгерлер улуттук жана регионалдык консилиум өткөрүп, өзүнчө дарылоо жол-жобосун иштеп чыгат.

“Бизде соңку күндөрү оор абалда жаткандардын абалы орточо болуп калды, каза тапкандардын саны өскөн жок, көбү толук айыгып үйүнө чыгарылды. Бүгүнкү күндө ооруканадагы 222 бейтапта оорунун жеңил түрү байкалууда, алардын ичинен 40 пайызында оорунун симптомдору жок. Башкача айтканда, алар антибиотик, вируска каршы дарыларды ичишпейт. Дарыгерлер байкоо жүргүзүп турабыз, абалы өзгөрө баштаганда гана симптомдук терапия жасалат”, — деди пульмонолог.

Ошондой эле ал дарыгерлер кандай препараттар колдонулары туурасында алдын ала бейтапка айтып, макулдугун алгандан кийин гана дарылоо башталарын белгиледи.

“Бир дагы адамга анын өзүнүн макулдугусуз дарылоо жүргүзүлбөйт. Эгер абалы начарлап пневмония болуп жатса, консилиум өтүп, ага дарылоонун жолу сунушталат. Демек препаратты кабыл алабы же жокпу, бейтап өзү чечет. Бизде дары-дармек ичүүдөн баш тарткан бейтаптар дагы болгон. Дарыгерлер эрежени сактап, макулдугун бергенге чейин дарылаган эмес. Айтарым, мунун баары оңой эмес, ар бир бейтап дарыгердин тыкыр көзөмөлүндө. Биздин жаңы муундагы мыкты дарыгерлер ар бир адамдын саламаттыгын сактоо үчүн бар күчүн жумшап жатышат”, — деди Сооронбаев.

Коронавирустун кесепети

Уральские ученые предложили препарат против коронавируса - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 жуктурган өтө оор абалдагы адамды дарылоого 118 миң сомдой сарпталууда
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 729га жетип, анын жарымынан көбү, 437си, айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0