1-майдан тарта иштеген мекемелер кайсы эрежелерди карманышы керек? Тизме

© Sputnik / Сунил Прадхан / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкери кишинин колун дезинфекция кылуу учурунда. Архив
Медицина кызматкери кишинин колун дезинфекция кылуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова ишканалар аткарууга милдеттүү болгон эрежелерди айтып берди.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстанада 1-майдан тарта экономикалык ишмердүүлүктү жандантуу үчүн айрым ишканалар кезек-кезеги менен иштей баштайт.

Кечээ өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында өнөр жай жана өндүрүш, курулуш, соода чөйрөлөрү, чач тарачтар жана такси сыяктуу төйлөө тармактары ишке киришерин, бирок санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо абдан маанилүү экенин айткан.

Ал эми бүгүнкү бирифинг учурунда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова ишканалар аткарууга милдеттүү болгон эрежелерди санап берди.

  • Ар бир мекемеде кызматкерлердин дене табын текшерип, баш оору, жөтөл, дем алуунун кыйындашы сыяктуу белгилердин бар-жогун сурап-билип турган жоопкерчиликтүү кызматкер дайындалышы керек;
  • Кайсы гана жугуштуу оору болбосун, анын белгиси пайда болгон кызматкер жумуш ордунан кетиши керек;
  • Кызматкерлер жана коноктор милдеттүү түрдө маска тагынып жүрүшү шарт;
  • Ар бир ишканада бери дегенде 5-15 күнгө жете турган дезинфекциялоочу каражаттар болуусу шарт;
  • Ар бир ишканада имараттын ичи, кызматкерлердин жумуш орду, техникасы, даараткана, кол жуучу бөлмөлөр дезинфекциялоочу каражат менен тазаланып турушу керек;
  • Бул иштерге жоопкер жумушчу милдеттүү түрдө тазалоо иштерин туура аткаруу жөнүндө инструктаждан өтүүсү зарыл;
  • Ишканага кирип бара жаткан жерде колду жууш боюнча эрежелер илинип, санитайзер коюлушу шарт;
  • Эшиктин алдына дезинфекциялоочу каражат менен нымдалган бут сүрүүчү килемче төшөлүшү керек;
  • Жумуш берүүчү кызматкерлерди суюк самын, дезинфекциялоочу, антисептикалык каражат жана кагаз майлыктар менен камсыздашы керек;
  • Жетекчилик кызматкерлерди бир ирет колдонуучу бет каптар менен дагы камсыздоодон тышкары, алар жумуш учурунда колдонуп, таштандыга кеткен бат каптарды жок кылынуусун көзөмөлдөшү зарыл;
  • Ишканаларда кызматкерлердин ортосунда эки метр аралык сакталышы шарт;
  • Тамактануу графиги түзүлүп, аны кызматкерлер так сакташы керек. Мындан тышкары, ашканада бир жолу колдонулчу идиш-аяктын болгону жакшы. Эгер мындай шарт жок болсо, ар бир кызматкер өз идишин дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалашы керек;
  • Чачтарач сыяктуу тейлөө тармагында иштегендер кардарларды алдын ала сүйлөшүп алуу жолу менен гана кабыл алуусу керек;
  • Акча кармап иштегендер кол кап кийип жүрүүгө милдеттүү;
  • Иш бөлмөдө аба алмашып туруусу зарыл. Эгер абаны тазалап турган жабдуулар жок болсо, күнүнө 5-6 жолу терезени 15 мүнөттөн ачып коюу туура болот;
Жаңылыктар түрмөгү
0