Асрандиев: 1-майдан тарта такси кызматы иштей баштайт. Шарты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги таксинин айдоочусу. Архив
Бишкектеги таксинин айдоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер ишин баштай турчу таксисттер унаасын дезинфекциялап, санитардык эрежелерди сактап, экиден ашык жүргүнчү салбашы керектигин баса белгиледи.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 1-майдан тарта такси кызматы иштей баштайт. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда айтты.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал режимин 10-майга чейин узартуу боюнча президенттин Жарлыгы чыккан.

Бирок үч этап менен ишканалар, тейлөө кызматтары акырындап иштеп баштай турганы айтылган.

"1-майдан тарта такси кызматы иштей баштайт. Бирок алар унаасын дезинфекциялап, санитардык эрежелерди сактап, унаасына экиден ашык жүргүнчүнү салбашы керек", — деди Асрандиев.

Производство жидких моющих средств компании Нэфис Косметикс - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт 1-майдан тарта ишке кире турган тармактардын тизмесин жарыялады
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 729га жетти. Анын ичинен 437си айыкса, сегизи каза болгон.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0