Ишин жанданткан ишкана кызматкерлери өткөрмө кагазын алууга милдеттүү болот

© Фото / Пресс-служба Правительства КР / Алишер АлиевИИМдин кызматкери блокпостто айдоочунун документтерин текшерип жатат. Архив
ИИМдин кызматкери блокпостто айдоочунун документтерин текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өткөрмө кагаздарын кечиктирбей берүү үчүн комендатуранын операторлоруна дагы мамлекеттик органдардан адистер тартылды.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. 1-майдан тарта ишин жанданта турган мекеме, уюмдардын кызматкерлери өткөрмө кагазын алууга милдеттүү. Бул туурасында экономикалык блок боюнча вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, 1-майдан тарта бизнестин жети түрүнө ишин баштоого уруксат берилген.

“Аз убакытта ишканалардын баарына өткөрмө кагазы менен камсыздоо маселеси турат. Бизге абдан көп, 10-20 миң кайрылуу түшөрүн түшүнүп турабыз. Өткөрмө кагаздары кагаз менен эмес, электрондук түрдө гана берилет. Бул системаны учурда комендатурада 10 оператор тейлейт, кошумча дагы Салык инспекциясынан, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен сегиз адис тартылды”, — деди Асрандиев.

Ошондой эле вице-премьер кайрылуулар көпкө кармалып калса туура түшүнүү керектигин эскертип, мындан улам ишин жандантууга уруксат бербеген тараптар арыз калтырып операторлорду убара кылбоого чакырды.

“Өткөрмө кагазын болушунча эртерээк бериш үчүн операторлор керек болсо күнү-түнү майрам күндөргө да карабай иштөөгө даяр. Тармактык мамлекеттик органдар арыздарды иргеп, керектүү тараптарга өз маалында уруксат берүүдө комендатурага жардам берет”, — деди вице-премьер.

Бишкек комендатурасынан өткөрмө кагазын алуу үчүн 1312.tunduk.kg сайты аркылуу арыз калтырууга болот.

Коронавирустун кесепети

Медицина кызматкери кишинин колун дезинфекция кылуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
1-майдан тарта иштеген мекемелер кайсы эрежелерди карманышы керек? Тизме
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 729га жетип, анын жарымынан көбү, 437си, айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган. 
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0