Өкмөт бизнести колдоо үчүн антикризистик фонд түзөт

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүСүт өндүрүүчү заводдун ишкери. Архив
Сүт өндүрүүчү заводдун ишкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта Россия-кыргыз өнүгүү фондунда каражат бар. Кыргыз өкмөтү түзүлгөн антикризистик фонддун ал акчаны колдонуп туруусу үчүн Россиянын министрлер кабинетине кайрылды.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бизнести колдоо боюнча Россия-кыргыз өнүгүү фондунун каражаты колдонулат. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда вице-премьер Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта аталган фонддо каражат бар. Андыктан кыргыз өкмөтү түзүлө турган антикризистик фонддун ал акчаны колдонуп туруусу үчүн Россиянын министрлер кабинетине кайрылды.

"Биз бизнести колдоо үчүн антикризистик фонд түзгөнү жатабыз. Ага сырткы жана ички каражаттар түшүп турмакчы. Анын эсебинен ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилмекчи”, — деди Асрандиев.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз өкмөтү өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү үчүн 14 миллиард сом тапканын айткан.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев  - Sputnik Кыргызстан
Асрандиев: Кыргызстан жыл башынан бери 10 миллиард сомдон куру калды
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 729га жетти. Анын ичинен 437си айыкса, сегизи каза болгон.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0