Кыргызстанда кафе, ресторандар, ири базарлар качан ачылары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭт толо табак менен официант той учурунда. Архив
Эт толо табак менен официант той учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин кыргыз өкмөтү мекеме, уюмдардын иштешине үч этап менен уруксат берүү графигин иштеп чыккан.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстанда кафе-ресторандар бардык режимдер алынгандан кийин гана иштей баштайт. Бул туурасында вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, тамактануу жайларында инфекцияга байланыштуу аябай көп тобокелчиликтер бар.

“Бүгүнкү күндө кафе, ресторандарга тамак жасап буюртманын негизинде гана жеткирүүсүнө уруксат берилген. Бардык режим бүткөндөн кийин гана иштей алышат”, — деди Асрандиев.

Ал эми чоң базарлар 21-майдан кийин гана ачыла турганын билдирди. Базарларга башка аймактардан да адамдар келгендиктен, эртерээк ачуу кооптуу деген чечим кабыл алынган.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт мекеме, уюмдардын иштешине үч этап менен уруксат берүү графигин иштеп чыккан. Эң акыркы этап 21-майда башталат. Ал эми бардык режим качан алынары азырынча так айтыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0