Кыргызстан коронавирустун экинчи толкунуна даярбы? Бороновдун жообу

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевБрифинг учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов
Брифинг учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөгө тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн келген Кытай жана Польша мамлекеттеринин медиктери Кыргызстандын COVID-19 вирусу менен күрөшүүдөгү алгоритмин туура деп баалады.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстан коронавирустун божомолдонуп жаткан экинчи толкуну менен күрөшүүгө даяр. Бул тууралуу брифинг учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

“Учурда айрым окумуштуулар күз айларында коронавирус кайра кайталанат деп жатса, дагы башкалары биринчи толкун бүтөрү менен экинчиси келет деген пикир айтууда. Кандай болгон күндө да, биз аны менен күрөшүүгө даярбыз. Тажрыйба топтоого жетиштик”, — деди Боронов.

Биринчи вице-премьердин айтымында, буга чейин өлкөгө тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн келген Кытай жана Польша мамлекеттеринин медиктери Кыргызстандын COVID-19 вирусу менен күрөшүүдөгү алгоритмин туура деп баалады.

Ошондой эле ал тиешелүү органдар техникалык жактан мындан дагы күчтөнүп, бардык нерсеге даяр турушу керектигин кошумчалады.

ИИМдин кызматкери блокпостто айдоочунун документтерин текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишин жанданткан ишкана кызматкерлери өткөрмө кагазын алууга милдеттүү болот
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 729га жетти. Анын ичинен 437си айыкса, сегизи каза болгон.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0