Кыргызстанда апрелдин соңунда 770 адамдан коронавирус аныкталары болжолдонгон

© Sputnik / Анастасия Макарычева / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкери. Архив
Тез жардам кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боронов коронавирус жуктурганын билбей симптому жок жүргөндөрдү табуу үчүн өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу сунушталганын айтат.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстанда апрелдин аягында COVID-19 жуктуруп алган адамдардын саны 770ке жетери болжолдонгон. Бул туурасында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов бирифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 729 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды, анын жарымынан көбү, 437си, айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

“Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун методикасына салып анализ жүргүзүп, эсебин чыгарганбыз. Ага ылайык, 30-апрелде коронавирус аныкталган адамдардын саны 770дин тегерегинде болмок. Бүгүн 29-апрелде 729 адам болуп жатат. Биз ошол анализдин негизинде иш алып барып жатабыз. Дагы оору жуктурганы билинбей, симптому жок жүргөндөрдү аныктоо үчүн өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууну сурандык”, — деди Боронов.

Медициналык кызматкер ооруканада жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан 21 бейтап сакайып, 437 кыргызстандык үйгө чыкты
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0