Ишканалар жанданды, коменданттык саат токтотулабы?

© Sputnik / Табылды КадырбековПатрулдук милициянын кызматкери блокпостто турат. Архив
Патрулдук милициянын кызматкери блокпостто турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандардын көчөгө чыгуусун чектөө үчүн өзгөчө абалдын режимин дагы 10 күнгө узартуу чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. 1-майдан тарта айрым ишканалардын ишине уруксат берилгенине карабай, коменданттык саат токтотулбайт. Бул туурасында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жарандардын көчөгө чыгышын чектөө максатында өзгөчө абалдын режимин дагы 10 күнгө узартуу чечими кабыл алынган. Мындан улам өткөрмө кагазын берүү системасын дагы жоюуга болбойт.

“Эгер шаарга кирүүгө уруксат берип койсок, көзөмөлгө алып турган мүмкүнчүлүктөрдүн баары жокко чыгып, оору тарап кетиши мүмкүн. Эгер кандайдыр бир оорулуу адам болсо, элге аралашып жайылтып жиберсе кайра дагы режимдерди киргизип отурбастан, 10 күн чыдап коюшубуз керек. Жумуштарды аягына чыгарып алсак, баарыбызга жеңил болот. Ошондуктан өзгөчө абалдын режими кала берет, өткөрмө кагазы дагы талап кылынат”, — деди Боронов.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-апрелде, Коопсуздук кеңеши Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 10-майга чейин узартуу чечимин кабыл алган. Ошону менен катар эле өкмөт 1-майдан тарта өлкөдө ишкерликтин жети түрүн жандантууга уруксат берген.

Коронавирустун кесепети

Авторынок Риом авто - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 11-майдан тарта эл көп чогулган тармактардын иши жанданат. Тизме
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 729га жетип, анын жарымынан көбү, 437си, айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0