Боронов аэропорт менен ички каттамдарды жандантуу боюнча маалымат берди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" аэропортундагы учак. Архив
Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер эл аралык аба каттамын жандантуу бир гана Кыргызстандан эмес, башка мамлекеттеги абалдан дагы көз каранды экенин белгиледи.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов эл аралык каттамдарды жандантуу маселеси жакын арада чечилип каларын билдирди.

Маалымат жыйын учурунда Бороновго журналисттердин бири "аэропорттор, ички жана эл аралык каттамдар качан ачылат?" деген суроо берген.

"Бул маселе жакында чечилет деп үмүттөнүп жатабыз. Эл аралык каттамдардын ачылышы бизден гана эмес, каттам калыбына келе турчу өлкөлөрдөн дагы көз каранды. Коӊшу мамлекеттердеги абал да ушундай. Айрым өлкөлөрдө мындан да начар. Ал эми ички каттам жакынкы күндөрү ачылбайт. Бул тууралуу айтуу азырынча эрте", — деди биринчи вице-премьер.

Ал ошондой эле өлкө ичиндеги кыймылга болгон чектөө алына электигин айтты.

"Бир облустан башка облуска баруу мүмкүн эмес. Карантиндик режим өлкө аймагында, анын ичинде Бишкек, Ош, Жалал-Абад сыяктуу ири шаарларда сакталууда", —деди Боронов.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Боронов: жумушу жок эле көчөгө бейчеки чыкпай тургула!
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 729га жетти. Анын ичинен 437си айыкса, сегизи каза болгон.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0