Испаниядагы Гранада шаарында аскер кызматкерлери коопсуз костюмчан жумуш учурунда. Архив

Кыргызстан COVID-19 менен күрөшүүдө Испаниянын тажрыйбасын алууга кызыгууда

182
(жаңыланган 19:22 29.04.2020)
Эки өлкөнүн Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда түз байланышты уюштуруу маселеси ортого салынды.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Испания Королдугунун тышкы иштер, Европа Биримдиги жана кызматташтык министри Аранча Гонсалес Лайе менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Анда Айдарбеков кыргыз тарап коронавирус менен күрөшүү боюнча Испаниянын топтогон тажрыйбасын алууга кызыкдар экенин белгилеген.

Бул жаатта эки өлкөнүн медицина мекемелеринин жана Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда түз байланышты уюштуруу, маалыматтарды алмашуу жолу аркылуу кызматташууга ынтызарлыгын билдирген.

Ошондой эле министрлер консулдук маселелер боюнча да пикир алмашып, Испаниядагы Кыргызстандын жарандарынын абалын жеңилдетүү маселелерин талкуулашкан.

Соңунда алар жакынкы убакта онлайн конференция форматында министрлердин орун басарларынын деңгээлинде саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашышкан.

182
Белгилер:
тажрыйба, Чыңгыз Айдарбеков, кызматташуу, медицина, Испания
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1100)
Тема боюнча
Польшалык дарыгерлердин КРдеги миссиясы аяктады
Үйлөнүү үлпөтү. Архив

"Бактылуу" датада баш кошкон жубайлар. Статистика

26
Бишкек шаарындагы Бакыт үйүндө 2020-жылдын 10-октябрында 75 түгөй никесин каттаткан. Ушул эле жылдын 20-октябрында 41 жубай никеге турганы айтылды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы "бактылуу" датада баш кошкон жубайлардын статистикасын жарыялады.

Ага ылайык, 2020-жылдын 10-октябрында (10.10.2020) Кыргызстанда 92 жубай баш кошкон. Ал эми 20-октябрда (20.10.2020) 222 түгөй никеге турган.

2019-жылдын 19-октябрында (19.10.2019) 62 жубай бирге түтүн булатып баштаганы маалым болду.

Бишкек шаарындагы Бакыт үйүндө 2020-жылдын 10-октябрында 75 түгөй никесин каттаткан. Ушул эле жылдын 20-октябрында 41 жубай никеге турганы айтылды.

Ал эми Тоголок Молдо — Фрунзе көчөсүндө жайгашкан Бакыт үйүндө 10 түгөй расмий никеге турган.

Шаарга караганда айылда ажырашкандардын саны аз. Нике статистикасы

Бакыт үйү 53 жылдын ичинде 1 миллион 832 миң 379 жубайдын никесин каттоого алган.

26
Белгилер:
жубайлар, каттоо, нике, Бакыт үйү
Тема боюнча
Үйлөнгөндөрдүн саны ажырашкандарга караганда көбөйдү. Ош биринчи орунда
Очогун сактай албай калгандар. Кыргызстандагы ажырашуу статистикасы
Рим папасы Франциск. Архив

Рим папасы Франциск бир жыныстуу никени мыйзамдаштырып берүүгө чакырууда

27
(жаңыланган 12:39 22.10.2020)
Дин өкүлүнүн айтымында, ЛГБТ коомчулугундагы адамдарды дагы Кудай жараткан жана алар үй-бүлөлүү болууга укуктуу. Демек, бул нерсени мыйзам деңгээлинде ишке ашыруу керек.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Рим папасы Франциск бир жыныстагы адамдарга мыйзамдуу түрдө никеге турууга уруксат берүү керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазды.

Анын айтымында, ЛГБТ коомчулугундагы адамдарды дагы Кудай жараткан жана алар үй-бүлөлүү болууга укуктуу. Андыктан бул нерсени мыйзам деңгээлинде ишке ашыруу зарыл.

"Бул үчүн бир дагы адам коомдон куулуп же бактысыз болбошу керек. Биз бул дүйнөгө душмандашуу үчүн эмес, үй-бүлөлүү болуу үчүн келгенбиз", — деди Рим папасы.

Эске салсак, ал башынан эле бир жыныстагы адамдардын баш кошуусун колдоп келет.

27
Белгилер:
мыйзам, нике, үй-бүлө, Рим папасы Франциск
Тема боюнча
Рим папасы төшөк кумары тууралуу оюн билдирип, аны башкача баалады
Кыргызстанский борец греко-римского стиля, финалист чемпионата Азии по борьбе Жоламан Шаршенбеков

Жоламан сальто жасап, буту менен тор баштыкка топ салды. Суктандырган видео

1 / 2
0
Ал эки бутуна кысылган баскетбол тобун артка сальто жасап бара жатып ыргытып, үч метрлик бийиктиктеги тор баштыкка түшүргөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн чебери Жоламан Шаршенбеков кезектеги керемет трюктары менен коомчулуктун көңүлүн бурду. Балбан буга байланышкан кызыктуу видеону Instagram баракчасына жарыялаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Jolaman Sharshenbekov (@jolaman_sharshenbekov)

Ал эки бутуна кысылган баскетбол тобун артка сальто жасап бара жатып ыргытып, үч метрлик бийиктиктеги тор баштыкка түшүргөн.

"Жети жолу куласаң да сегизинчи жолу өйдө тур... Эч бир ийгилик биринчи эле жасалганда болуп кетпейт. Сага эч ким ишенбей калган учурда да акырына чейин өзүңө болгон ишенимиңди жоготпо", — деген билдирүү калтырган постунда.

Дүнөнүн вице-чемпионунун бул трюктарын Азия күрөш уюму (UWW.ASIA) Instagram баракчасынан бөлүштү.

Жоламан буга чейин да футболдун мыкты техникасын көрсөтүп, сальто жасап бара жатып топ тепкен видеосун чыгарган.

Аны UWW (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюму Instagram баракчасына жүктөп, Жоламандын футбол ойногонун даңазалаган.

21 жаштагы спортчу Жоламан Шаршенбеков 2018-жылы чоңдор арасында дүйнө жана Азия биринчиликтеринин күмүш медалын уткан. Грек-рим күрөшүнөн Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү.

0
Белгилер:
трюк, грек-рим күрөшү, Жоламан Шаршенбеков
Тема боюнча
Жоламан Шаршенбеков UWW даңазалаган сальтосунун чоо-жайын айтты. Видео