Түндө коменданттык сааттын эрежесин бузган 110 адам кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековШаардык жолдордун биринде унаалар. Архив
Шаардык жолдордун биринде унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта, коменданттык саат эрежесин бузган 3837 адам кармалып, 325 машина автоунаа токтотуучу жайга киргизилген.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бейшембиге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал режими киргизилген шаарлары менен аймактарында коменданттык саатты 110 киши бузуп, милиция бөлүмдөрүнө алып келинди. Үч автоунаа айып короого киргизилди. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, өзгөчө абал режими Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондоруна киргизилген. Саат 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат болгондуктан, көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Түндө тартип бузгандардын 82си Бишкектен, 13ү Ош шаарынан, экөө Жалал-Абаддан, сегизи Сузактан, төртөө Нарындан жана бирөө Ат-Башы районунан катталган.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар болгон жок.

Пресс-тур в Центр мониторинга ГУОБДД - Sputnik Кыргызстан
Бир да унаа токтотулган жок. Коменданттык саат түндө кандай өттү
Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта, коменданттык саат эрежесин бузган 3837 адам кармалып, 325 машина автоунаа токтотуучу жайга киргизилген.

Тартип бузуп колго түшкөндөр ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө коё берилген.

Баса, аталган аймактардын ичинен 1-майдан тарта өзгөчө абал режими Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондору менен Нарын шаарында токтотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0