Кудайдын кулагы сүйүнсүн! Бир суткада 25 киши коронавирусту жеңип чыкты

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүКоопсуз бет капчан кыздар көчөдө бара жаткан убакытта. Архив
Коопсуз бет капчан кыздар көчөдө бара жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча вирустан 462 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сутка ичинде ооруну жеңгендер өлкөнүн бардык облусунда катталды.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, айыккандардын сегизи Бишкектен, бешөө Оштон, төртөө Ош облусунан, бирөө Жалал-Абад облусунан, алтоо Нарындан болсо, бирөө Ысык-Көлдөн.

Республика боюнча вирустан 462 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ушу тапта өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан билсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0