Жогорку окуу жайлар бүтүрүүчүлөр үчүн 20-июлдан тарта эшигин ачат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыз жогорку окуу жайлардын көргөзмөсүндө. Архив
Кыз жогорку окуу жайлардын көргөзмөсүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы республикалык тестирлөөнү онлайн-режимде өткөрүү мүмкүн эместиги белгиленген. Аны уюштуруу үчүн бөлмөлөр дезинфекцияланат. Жыйынтыгы чыккан соң окуу жайлар бүтүрүүчүлөр үчүн каалгасын ачат.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 10-13-июль аралыгында чыгат дагы, жогорку окуу жайларга тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ал эми окуу жайга кабыл алуунун экинчи турун 27-июлга белгилөө пландалууда. Үчүнчү тур болсо 3-августта өтмөй болду.

Ал эми адистештирилген билим берүү мекемелери документтерди 1-июлдан тарта кабыл ала баштай турганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0