Бишкектин кайсы конушунда COVID-19 жуктургандар бар? Тизме

© Sputnik / Эмиль СадыровЮжные микрорайоны Бишкека
Южные микрорайоны Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул конуштардын тургундары өздөрү көзөмөл кылып, санитардык постторду коюп алышкан жана жеринде райондук администрация менен Саламаттык сактоо башкармалыктары иштеп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда коронавирус боюнча абал оор бойдон калууда. Бул тууралуу шаар мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, борбордо вирус жуктургандардын саны 183 болсо, анын 43ү жаңы конуштарда жашайт.

“47 жаңы конуштун ичинен 14үндө COVID-19 вирусуна кабылгандар аныкталды”, — деди мэр.

Алар:

  • Арча-Бешик конушу — 16;
  • Ак-Өргө конушу — 3;
  • Көлмө конушу — 7;
  • Ак-Босого конушу — 6;
  • Керамическая конушу — 2;
  • Ак-Ордо конушу — 1;
  • Ынтымак конушу — 1;
  • Кара-Жыгач конушу — 1;
  • Алтын-Ордо конушу — 1;
  • Көк-Жар конушу — 1;
  • Касым конушу — 1;
  • Мурас-Ордо конушу — 1;
  • Тынчтык конушу — 1;
  • Учкун конушу — 1.

Бул конуштардын тургундары өздөрү көзөмөл кылып, санитардык постторду коюп алышкан. Ал жакта райондук администрация менен Саламаттык сактоо башкармалыктары иштеп жатканы айтылды.

Блок посттогу ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эртеңден баштап Бишкектеги блокпосттордун баары алынат
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 746га жетти. Анын ичинен 462си айыкса, сегизи каза болгон.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0