Кыргызстанда өтө турган "Өлбөс полк" онлайн акциясына катышуунун жол-жобосу

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшү. Архив
Бишкектеги Өлбөс полк жүрүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акцияга катышкандардын саны жыл сайын өсүп келет. Мисалы, былтыркы иш-чарага 50 миңге чукул адам келген. Ал эми быйыл пандемияга байланыштуу жүрүш онлайн өтөт.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Өлбөс полк" акциясы онлайн-режимде кандайча өтөрүн кабарлады.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус кырдаалына байланыштуу массалык иш-чаралар, анын ичинде "Өлбөс полк" акциясын 9-майда өткөрүү мүмкүн эмес экенин билдирген. Буга байланыштуу жүрүштү онлайн уюштуруу сунушталган.

Маданият министрлиги "Өлбөс полк" боюнча чечим кабыл алынганын кабарлап, кыргызстандыктарды маршка онлайн форматта катышууга чакырды.

Акцияга катышуу үчүн атайын түзүлгөн электрондук порталга кирип, шилтеме аркылуу катталыңыз.

Эмне кылуу керек:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун сүрөтүн даярдап коюңуз;
  • Согуш ардагеринин толук аты-жөнүн көрсөтүңүз;
  • Кыскача ал жөнүндө баяндап бериңиз;
  • Файлдарды pobeda.srs.kg порталына жүктөңүз.

Нускама:

  • Көрсөтүлгөн портал аркылуу жөнөтүлгөн электрондук кайрылуулар Маданият министрлигинин кароосуна келет;
  • Тексттеги белгилердин саны төрт миңден ашпашы керек;
  • Сүрөттүн көлөмү 5 мегабайттан ашпашы зарыл. Формат – jpg 3х4 (башка форматтар алынбайт);
  • Текстте мазактоо, элди бөлүп-жарып, эреже бузууга үндөгөн чакырыктар болбошу керек;
  • Почтанын дареги толук жана катасыз жазылышы зарыл;

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата онлайн акция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: 9-майда “Өлбөс полкту” онлайн өткөрүү сунушталууда
Текст орус тилинде латын тамгалары менен же жалаң баш тамгалар менен сүйлөмдөргө бөлүнбөстөн жазылышы шарт.

"Өлбөс полк" акциясы 9-майда белгиленген Жеңиш күнүнө карата уюштурулуп келет. Алгачкы ирет Томск шаарында (Россия) өткөн. Иш-чара жыл өткөн сайын популярдуу болуп, масштабы кеңейүүдө. Мисалы, 2014-жылы Бишкекте жүрүшкө миңге чукул киши катышса, 2018-жылы акцияга келгендердин саны 45 миңге жетти. Ал эми былтыр 50 миңге жакын киши келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0