БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель окуясынын 10 жылдыгына карата абактагы 3797 адамга мунапыс берүүнү демилгеледи.
Анын мыйзам долбоору бүгүн парламенттин жыйынында экинчи жана үчүнчү окууда каралып, 110 депутаттын макулдугу менен жактырылды. Каршы добуш берилген жок.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Айваз Кадыров учурда Кыргызстанда 7939 адам абакта отурганын билдирди.
Анын айтымында, мыйзам күчүнө киргенден кийин 3797 соттолуучуга мунапыс берилет. Мунапыстын эки түрү болот: биринчиси — абактан бошотуу, экинчиси — жаза мөөнөтүн кыскартуу.
“Ар бир соттолуучунун ишин атайын комиссия карап чечим чыгарат. Бул майда кылмыштарды, экономикалык жана жеке мүлккө зыян келтиргендерге тиешелүү. Мурда мунапыс менен абактан чыгып, бирок кайра соттолгон жарандарга берилбейт. Ошондой эле экономикалык кылмыш жасаганы үчүн негизги жазасын түрмөдө өткөрүп, жатак абагына чыккандан кийин качып кеткендер, кайрылып келсе жазадан бошотуу каралган. Бирок жабырлануучуларды зыянга учураткан чыгымдарын төлөп бериши керек”, — деди Кадыров.Ошондой эле ал бүгүнкү күндө абакта отурган адамдын бир күндүк чыгымы 80-90 сомду түзөрүн айтты.
Депутаттар мындай мунапыс жарыялоо өлкө экономикасына дагы пайда алып келерин белгилешти.
Буга чейин ушул сыяктуу эле мыйзам долбоорун Наталья Никитенко менен Исхак Масалиев демилгелеп чыккан. Бирок ал долбоорлор биринчи окууга киргизиле элек.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.
"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.