КРге донорлор үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү үчүн 200 миң доллар бөлдү

Жазылуу
Кыргызстанда карантин учурунда үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны 65 пайызга өскөн. 24-марттан 24-апрелге чейин 162 факт катталган.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Карантин убагында зомбулукка кабылган аялдарды жана кыздарды колдоо максатында БУУнун жана Европанын "Луч света" биримдигинин демилгеси менен 200 миң доллар бөлүндү. Бул тууралуу эл аралык уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта убактылуу кризистик борборлор уюштурулуп, зомбулуктар болсо өзгөчө мобилдик топтор иш алып барары айтылат.

"Кыргызстанда карантин учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 65 пайызга өстү. Былтыр Бишкек шаарында 24-марттан 24-апрелге чейин зомбулук боюнча 100 факты катталса, быйыл ал 162 болду", — деп айтылат маалыматта.

Программаны ишке ашырууда жабыр тарткан аялдар менен кыздарга кризистик борбордун кызматтарынын жеткиликтүү жана үзгүлтүксүз болушуна өзгөчө көңүл бурула тургандыгы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0