Жашоо эмгек менен гана маңыздуу! Президент Жээнбеков элди куттуктады

Жазылуу
Мамлекет башчы элдин жашоосу эмгек менен гана мазмундуу экенин баса белгилеп, мекендештерге ден соолук, бакыт-таалай, ийгиликтерди каалап кеткен.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчы элдин жашоосу эмгек менен гана мазмундуу экенин баса белгилеген.

"Биз бардык ийгиликтерге талыкпаган эмгек менен гана ээ болгон коомбуз. Өлкөбүздүн өнүгүүсү, бүгүнкүсү жана келечеги табигый ресурстарга, жаратылыш байлыгына гана эмес, эмгек адамынын аракетине негизделген. Кыргызстанда адам ресурсун өнүктүрүү, эмгекчил адамды даңазалоо — ар дайым маанилүү багыт бойдон кала берет. Замандын жаңы талаптарына татыктуу жооп бере алган коомду, өнүккөн мамлекетти куруу үчүн бирге аракет жасап, чогуу эмгек кылалы", — деп жазылган өлкө башчынын куттуктоосунда.

Президент мекендештерге ден соолук, бакыт-таалай, ийгиликтерди каалап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0