Айрым маморгандар майрам күндөрү да иштемей болушту

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүНациональный рейтинговый агентство в Москве
Национальный рейтинговый агентство в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул чечим өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иш-чаралардын ыкчам аткарылышын камсыздоо үчүн кабыл алынган.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Айрым мамлекеттик органдар, мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул жумада дем алышсыз иштейт. Алар үчүн 2-3-4-май иш күн экендигин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев  - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев кризистен чыгуу үчүн реформаны эмнеден баштай турганын айтты
Бул чечим өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды ыкчам аткаруу жана мамлекеттин экономикасынын башка тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылуу багытында кабыл алынды.

Документте көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине ишке чыга турчу кызматкерлердин тизмесин аныктоо тапшырмасы берилген.

Ал эми бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга 2-3-4-май күндөрү эмгектене тургандарын тизмесин түзүү милдеттендирилген.

Буга чейин 22-марттан 13-апрелге чейин мамлекеттик орган, мамлекеттик мекеме жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дем алышсыз иштээри тууралуу өкмөттүн буйругу чыккан. Бирок коронавирустан улам өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылып, 25-26-апрелде дагы иштешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0