Бишкекке кирүүгө уруксат берген кагаздардын мөөнөтү 11-майга чейин узартылат

© Sputnik / Табылды КадырбековВременные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда борбор калаанын комендатурасы 1-майдан тарта иштөөгө уруксат берилген ишканаларга электрондук уруксат кагаздарын даярдоо менен алек.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бишкекке кирүү үчүн 30-апрелге чейин алынган өткөрмө кагаздардын мөөнөтү автоматтык түрдө 11-майга чейин узартылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине комендатуранын маалымат кызматы билдирди.

Ситуация в Москве из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте такси кызматы иштей баштады
Ошону менен биргеликте 1-майдан баштап иштөөгө уруксат берилген ишканаларга электрондук уруксат кагаздарды берүү боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды. Кеп такси кызматтары, бир катар өнөр жай ишканалары жана курулуш тармагы жөнүндө болуп жатат.

Өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө кырдаал режими, кээ бир жерде өзгөчө абал тартиби иштеп жатат.

Кыргызстанда COVID-19 аныкталган 756 учур катталды. Анын ичинен 504ү айыгып, сегиз адам көз жумду.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0