Эгизден 68, үч эмден бирөө. Кыргызстанда карантинде төрөлгөн ымыркайлар

© REUTERS / Athit Perawongmetha  Новорожденные в защитных масках в одной из больниц Бангкока, Таиланд
Новорожденные в защитных масках в одной из больниц Бангкока, Таиланд - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карантин маалында төрөлгөн бөбөктөрдүн 8548и уул болсо, 8495и кыз. Алардын арасында үч эм дагы бар.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. 16-марттан 28-апрелге чейин өлкөдө 17 043 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, карантин маалында төрөлгөн бөбөктөрдүн 8548и уул болсо, 8495и кыз.

"Жарыкка келген ымыркайлардын арасынан 68и эгиз, бирөө үч эм", — деп айтылат маалыматта.

Дезинфекция роддома в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад шаардык ооруканасында коронавирус жуктурган бир да бейтап калган жок
Эске салсак, Кыргызстанда алгачкы ирет коронавирус 18-мартта катталган. Алгач үч кишиден табылып, андан кийин бул сан өскөн. Мындан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал, андан кийин бир катар шаар, райондордо өзгөчө абал режимдери киргизилген.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда COVID-19 аныкталган 756 учур катталды. Анын ичинен 504ү айыгып, сегиз адам көз жумду.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0