Абалы начарлады деген Атамбаевдин ден соолугу боюнча УКМК үн катты

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOСитуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин саясатчынын адвокаты Сергей Слесарев ЖМКлардын бирине Атамбаевдин кан басымы төмөндөп кеткенин, ооруканага жаткыруу зарылдыгы жаралганын айткан.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык экенин кабарлады.

Буга чейин саясатчынын адвокаты Сергей Слесарев ЖМКлардын бирине Атамбаевдин кан басымы төмөндөп кеткенин, мындан улам ооруканага жаткыруу зарылдыгы жаралганын айткан.

"Азыркы тапта Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Эч кандай даттануу болгон эмес. Күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө", — деп айтылат маалыматта.

Кой-Таш окуясы

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Учурда УКМКнын тергөө абагында. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адам дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0