Чач кыркканга эле уруксат берилген! Бишкектин вице-мэри салон ээлерине кайрылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВ Новосибирской области открылись салоны красоты и автомастерские
В Новосибирской области открылись салоны красоты и автомастерские - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын коменданты 1-майдан тарта калаада иштей турчу ишканалар тууралуу буйрукка кол койгон. Тизмеде буга чейин өкмөт тарабынан айтылган тармактар камтылган.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов салон ээлерине кайрылып, аларга кызматтын бардык түрүн көрсөтүүгө азырынча мүмкүн эмес экенин эскертти.

"Сулуулук салондоруна чач кыркууга гана уруксат берилген. Ал эми чач боётуп, чач жасатам деген кардарлар алдын ала жазылышы керек. Урматтуу салон ээлери жана ушул тармакта иш алып барган шаардыктар, комендатуранын буйругунда жазылган талаптарды сактасаңыздар!", — деди Алымкулов.

Работа парикмахера - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында бүгүндөн тарта 7 тармак иштей баштады. Тизме
Эске салсак, Бишкек шаарынын коменданты 1-майдан тарта калаада иштей турчу ишканалар тууралуу буйрукка кол койгон. Тизмеде буга чейин өкмөт тарабынан айтылган тармактар камтылган

Өлкөдө бир катар шаар жана райондордо өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0