Бүгүн жети медик коронавирус жуктуруп алды. Көбү Бишкекте жашайт

© AFP / HAIDAR HAMDANIОорукана кызматкери
Оорукана кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медкызматкерлердин арасында 207 учур катталды, алардын ичинен 139у стационарлардан айыгып чыккан.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бир сутканын ичинде дагы жети медицина кызматкерине коронавирус жукту. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, вирус жуктуруп алган медиктердин бешөө Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда иштейт.

Дезинфекция жасап жаткан кызматкер - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун Кыргызстандагы 47-күнү: абал боюнча тексттик баяндама
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 207 учур катталды, алардын ичинен 139у стационарлардан айыгып чыккан.
Белгилей кетсек, кечээ коронавирус жуктуруп алган бир дарыгер көз жумду.

Бүгүн дагы 26 адам вирус жуктуруп, жалпы саны 795ке жетти.

Кыргызстанда коронавирус тууралуу соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0