Коронавирус катталган аймактар жана бейтаптардын жаш курагы. Соңку статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер
Ооруканадагы дарыгер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө ооруга чалдыккан бейтаптардын 73,5 пайызы, тагыраак айтканда, 564ү айыгып үйүнө чыкты.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 795ке жетти. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, илдетке кабылгандардын ичинен 426сы аял киши, 369у эркек. Бүгүнкү күндө бейтаптардын 73,5 пайызы, тагыраак айтканда, 564ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, вирус 10 кишинин өмүрүн алып кетти. Алардын бири Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева.

Аймактар боюнча COVID-19 жуктургандардын саны:

  • Бишкек шаарында — 205;
  • Ош облусунда — 169;
  • Жалал-Абад облусунда — 118;
  • Ош шаарында — 113;
  • Нарын облусунда — 97;
  • Чүй облусунда — 70;
  • Баткен облусунда — 13;
  • Ысык-Көл облусунда — 10.

Ал эми Талас облусунда бир да учур каттала элек.

Учруда республиканын ооруканаларында 221 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен 11 адам оор абалда, төртөө реанимацияда жатат. Орточо оор абалда 42, канааттандырарлык абалда 168 бейтап. Ошондой эле 207 медик COVID-19 жугузуп алган, бүгүнкү күндө алардын 139у айыгып чыкты.

Коронавируска кабылгандардын жаш курагы:

  • 15-жашка чейинки балдар — 107, анын алтоо бир жашка чыга элек ымыркай;
  • 16-19 жаштагылар — 24;
  • 20-35 жаштагылар — 230;
  • 36-55 жаштагылар — 270;
  • 56 жаштан жогоркулар — 164.

Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Нурматов: COVID-19 менен билинбей эл арасында жүргөндөр болушу толук мүмкүн
Азыркы тапта COVID-19 жуктурган адамдар менен байланышта болгондордун саны 3 349ду түзөт. Обсервация жайларында 741 киши жатат. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралынан ушул кезге чейин 55 800 анализге изилдөө жүргүзүлдү.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0