Ысык-Көл облусуна кирип-чыгууга тыюу салынды

Жазылуу
Облустук ыкчам штаб мындай шарттарды түшүнүү менен кабыл алып, өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын сактоого чакырат. Учурда облус аймагында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 10го жетти.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаал абалы Өзгөчө абалга өтүп кетпеши үчүн 4-майдан баштап Ысык-Көл облусунун тургундарына башка аймактарга барууга тыюу салынат. Мындай чечимди Облустук ыкчам штаб кабыл алганын Республикалык штабдан билдиришти.

Аймак тургундары жүйөлүү себептер менен башка региондорго барууга, райондук, мамлекеттик администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялары тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде чыга алышат. Мындай талап Өзгөчө кырдаал абалы алынганча сакталат. 

"Кайра облус аймагына кирген учурда жарандар милдеттүү түрдө экспресс-тест же ПЦР-анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалым кат көрсөтүшү керек. Мындан тышкары, 14 күндүк үй карантинине алынат. Бул шарттар Ысык-Көл облусунун аймагына кире турган адамдардын бардыгына тиешелүү", — деп айтылат билдирүүдө.

Облустук ыкчам штаб бул шарттарды түшүнүү менен кабыл алып, өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын сактоого чакырат.

Белгилей кетсек, облус аймагында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3-майга карата 10 кишиге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0