Бишкек: 11-майдан тарта иштей баштачу коомдук транспорттун графиги

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомдук транспот күрүп турган адамдар. Архив
Коомдук транспот күрүп турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автобустар менен троллейбустар санитардык коопсуздук эрежелерин карманып иштешет. Ал эми маршруткалар азырынча ишке чыкпайт.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. 11-майдан тарта машруткалардан башка коомдук транспорт өз ишин баштайт. Алар саат 7.00дөн 20.00гө чейин каттаарын Бишкек мэриясынан билдиришти.

"Автобустар менен троллейбустар санитардык коопсуздук эрежелерин карманып иштешет", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми учурда “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” медиктерди, милиционерлерди жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин ташуу менен алек болууда.

"Шаар мэри Азиз Суракматовдун таршырмасы менен бюджеттен автобус жана троллейбус айдоочуларына айлык үчүн 12 миллион сом бөлүнгөн. Ошондой эле мэрия айдоочулардын үй-бүлөсүнө жардам берүүдө", — деп айтылат кабарда.

Эске салсак, 11-майдан тарта коомдук транспорт ишке кирери айтылган.

Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке кирүүгө уруксат берген кагаздардын мөөнөтү 11-майга чейин узартылат
Ал эми такси кызматы Бишкекте 1-майдан тарта иштей баштады. Негизги шарт санитардык эрежелерди сактап, унаасына экиден ашык жүргүнчүнү салбашы керек.

Маршруткалар боюнча айта турган болсок, азырынча алар кооптуу деп эсептелгендиктен, эпидемиологиялык абал толугу менен турукташмайынча жолго чыкпай турганы белгилүү болгон.

Кыргызстанда бүгүн дагы 26 адам вирус жуктуруп, алардын жалпы саны 795ке жетти. Буга чейин 10 адам каза болду. COVID-19 алып кеткендердин ичинде медицина кызматкери да бар.

Кыргызстанда коронавирус тууралуу соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0