Ош: буга чейин коронавирус жуккандар менен байланышта болгон 15 аял төрөдү

Жазылуу
Аларга адистер онлайн-кеңештерди берип турган. Ал эми айы-күнү жеткенде обсервациядагы төрөт бөлүмүнө жеткирилген.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Буга чейин Ош облусу жана шаары боюнча коронавирус жуккандар менен байланышта болуп, үй карантининдеги 15 аял төрөдү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

"24-мартка карата оорулар менен карым-катнашта болгон кош бойлуулардын саны 72 болчу. Эми 1-майга алынган маалыматтар боюнча,  45 аял", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Аларга адистер онлайн-кеңештерди берип турган. Ал эми айы-күнү жеткенде обсервациядагы төрөт бөлүмүнө жеткирилген.

Ош облусунда кош бойлуу аялдарга жардам көрсөтүү боюнча кызматтын координатору, акушер-гинеколог Гүлбара Ташиева COVID-19 кырдаалынан улам стационардык кызмат көрсөтүү боюнча эки жай ачылганын айтты.

Бири – коронавируска шектелип келген кош бойлуулар жайгаштырыла турган, экинчиси – илдетти жуктуруп алган боюнда бар аялдар жата турган бөлүм.

Бүгүн Дубайдан дагы 180 кыргызстандык мекенине алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Дубайдан дагы 180 кыргызстандык мекенине алып келинди. Сүрөттөр
"72 аялдын ичинен экөөнө COVID-19 диагнозу коюлган. Алардын бири көз жаргандан кийин болгон. Ал эми кош бойлуу келин инфекция чыккандан кийин карантинге алынып, обочолонгон. Учурда төрөй элек. Экөөндө тең оорунун клиникалык белгилери байкалган эмес. Үйгө жиберер алдында ПЦР-тест таза деген анализ чыгарып берди", - деди Ташиева.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө Ош аймагы боюнча COVID-19 диагнозу менен төрөгөн аялдар боюнча учур каттала электигин кошумчалаган.

Кыргызстанда бүгүн дагы 26 адам вирус жуктуруп, алардын жалпы саны 795ке жетти. Буга чейин 10 адам каза болду. COVID-19 алып кеткендердин ичинде медицина кызматкери да бар.

Кыргызстанда коронавирус тууралуу соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0