Кыргызстанда дагы тогуз медикке коронавирус жукту. Алар жашаган аймактар

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкери
Медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкери арасында жалпы 216 учур катталды. Алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бир сутка ичинде тогуз медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Алардын алтоо Бишкек шаарында, экөө Жалал-Абад облусунда жана бирөө Нарын облусунда иштейт”, — деди Акматова.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында жалпы 216 учур катталды. Алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда коронавирус тууралуу соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0