Кыргызстанда коронавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор, алтоо реанимацияда

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкери
Медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө COVID-19 менен жабыркагандардын саны 830га жетип, анын ичинен 575и айыгып, 10 бейтап каза болгон.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор, анын ичинен алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда ооруканаларда абалы орто деп бааланган 47 бейтап дарыланууда. Канааттандырарлык абалда 185 адам жатат.

Коронавирусту аныктоо үчүн 5-февралдан бери өлкөнүн лабораторияларында 57 109 анализ жүргүзүлгөн.

Коронавирустун кесепети

Жеткирүү кызматынын жумушчусу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанды каптаган COVID-19 боюнча акыркы кабарлар: текст, сүрөт
Кыргызстандан коронавируска кабылгандардын саны 830га жетип, анын ичинен 575и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 10 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0