Оору жугузасыңар! Комендант такси, чач тарачтар тартип сактабай жатканын эскертти

© Фото / пресс-служба правительства КРБишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев. Архив
Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орозалиев ишкердик жайлардын кожоюндарына кайрылып, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды катуу сактоону өтүндү.

БИШКЕК, 4-май – Sputnik. Бир катар такси айдагандар санитардык-эпидемиологиялык эрежени сактабай, сулуулук салондору, чач тарачтар бет капсыз иштеп жатышат. Андыктан юридикалык, жеке тараптар жоопко тартылат. Бул туурасында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйында билдирди.

Ал ишкердик жайлардын кожоюндарына кайрылып, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды катуу сактоону өтүндү.

"Такси кызматтарынын бир эмес, экиден киши ташып бара жатканын көрүп жатабыз. Мындай болбойт, башкаларга оору жугузасыңар. Абал бизден ушуну талап кылып жатат. Жоопкерчиликсиз мамиле менен инфекциянын экинчи толкунун жаратып алабыз", - деди Орозалиев.

Ал шаардыктардан карантиндин талаптарын сактоону суранып, тартип бузулса мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.

Коронавирустун кесепети

Коронавируска анализ жасоо үчүн алынган үлгү - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 Бишкектен көп чыгууда. Аймактар боюнча жалпы статистика
Кыргызстандан коронавируска кабылгандардын саны 830га жетип, анын ичинен 575и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 10 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0