Бишкекте коронавируска кабылган адамдар жашаган аймактардын тизмеси жарыяланды

Жазылуу
Коронавируска кабылган 231 бейтаптын 190у шаар тургуну, 41инин каттоосу башка жакта болгон. Жаңы конушта жашагандар дагы бар.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова брифинг учурунда коронавируска кабылган адамдардын жашаган жерин жарыялады.

Анын айтымында, учурда шаарда 231 адамдан COVID-19 аныкталган. Анын ичинен 34ү чет өлкөдөн келген, калганы ич ара байланыштан жугузган. Мындан улам ал борбор калаада бир миллиондон ашуун калк жыш жашагандыктан, коронавирус жуктуруп алуу тобокелчилиги жогору экенин белгиледи.

231 бейтаптын 190у шаар тургуну, 41инин каттоосу башка жакта. Анын арасында 70и медик (44ү айыкты), 24ү ИИМдин кызматкери. Ал эми 190 адамдын арасынан 121и калаанын ичиндеги көчөлөрдө, 69у жаңы конуштарда жашайт.

Алар төмөндөгүдөй:

Ленин районунда – 82.

Бул райондогу конуштарда:

  • Арча-Бешик конушу — 16;
  • Ак-Өргө конушу — 3;
  • Ынтымак конушу — 3;
  • Ак-Ордо конушу — 2.

Октябрь районунда – 46.

Бул райондогу конуштарда:

  • Көк-Жар конушу — 5;
  • Кара-Жыгач конушу — 1;
  • Алтын-Ордо конушу — 1.

Биринчи май районунда – 41.

Бул райондогу конуштарда:

  • Ак-Босого конушу — 13;
  • Көлмө конушу — 11;
  • Тынчтык конушу — 1;
  • Касым конушу — 1;
  • Мурас-Ордо конушу — 1.

Свердлов районунда – 21.

Бул райондогу конуштарда:

  • Учкун конушу — 2;
  • Керамический конушу — 2;
  • Красный Строитель конушу — 1;
  • Эне-Сай конушу — 1.

Оору жуктурган 231 адам 520 киши менен байланышта болгон.

Вице-мэр буга чейин чет өлкөдөн келгендер коронавирусту учактан же обсервацияда жатканда жуктуруп алышы мүмкүн деген божомол бар экенин кошумчалады. Мындан улам жарандарга кайрылып, эгер жашай турган жери болсо, эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин келбей күтө турууну суранды.

Коронавирустун кесепети

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оору жугузасыңар! Комендант такси, чач тарачтар тартип сактабай жатканын эскертти
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 830га жетип, анын ичинен 575и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 10 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0