БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Кара-Суу районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып, резервдик фондунан 10 миң сом, азык-түлүк баштыгын жана баалуу белектерди тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында бүгүнкү күндө согуштун 23 ардагери бар.
"Анын ичинен жетөө Кара-Суу районунда жашайт. Буга чейин өлкө башчынын жарлыгы менен ар бир согуш ардагерине 75 миң, ал эми оруктун ардагерлерине 15 миң сомдон каражат бөлүнүп берилген", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан сырткары облустагы оруктун 710 ардагерине жергиликтүү бюджеттен белектер тапшырылат.
Эске сала кетсек, 9-май күнү карантиндик чектөөлөргө байланыштуу массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. УКМК Бишкек мэриясынын кызмат адамдары 43 миллион сомдон ашык бюджеттик каражатты өзүнө мыйзамсыз ыйгарып алганын аныктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат Бишкек шаардык кеңешинин жана шаардык администрациясынын жооптуу кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
УКМКнын белгилешинче, бюджеттик каражатты парламенттик шайлоо алдында үгүт иштерине жана жеке кызыкчылыктарына пайдалануу максатында тийиштүү кызматкерлер тарабынан каражатты эсептен чыгаруу боюнча мыйзамсыз механизм түзүлгөн.Бул максатта мэриянын 2020-жылдын 8-июнундагы №60 "Бишкек шаарында жарандык демилгелердин долбоорлорун ишке ашыруу тартиби тууралуу Убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому кабыл алынган.
"Ошол эле учурда, бул жарандык долбоорлор жалаң гана шаардык кеңештин жана Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин демилгеси менен ишке ашырылып, натыйжада 43 миллион сомдон ашык суммадагы бюджеттик каражатты мыйзамсыз ыйгарып алуу иштери жүргүзүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле долбоорлор Бишкек мэриясы эмес, түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан ишке ашырылган. Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Былтыр коронавирус менен ооругандар быйыл кайра ооруну жуктура баштады. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Бардык облустарда ооругандардын саны жогорулап жатат, каза болгондор да көбөйүүдө. Былтыр жайында жуктургандар кайра ооруп жатат. Себеби иммунитет жок болуп баратат. Окумуштуулар антитело сегиз айдан бир жылга чейин жетерин айтышат. Ошондуктан вакцина алуу керек, жамааттык иммунитетти пайда кылышыбыз керек. Президент жана өкмөт башчы менен сүйлөшкөндө экономикалык абалга байланыштуу карантин киргизе албайбыз дешкен. Карыздарыбыз көп, кыйналып калат экенбиз", — деди министр.
Министр элди санитардык жана гигиеналык эрежени сактоого чакырды. Ошондой эле өлкөгө вакциналарды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.